Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

УКМК Кыргызстандан Ооганстанга күйүүчү май экспорттолбогонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп жатат деген билдирүү чындыкка дал келбей турганын билдирди.

УКМКнын маалымат кызматы Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулганын кабарлады. Ошондой эле өкмөттүн 1-марттагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган.

Мурдараак бир катар ЖМКлар менен соцтарамактарда Ооганстан Кыргызстандан акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу күйүүчү май алып жатканы тууралуу маалымат тараган. Күйүүчү май Кундуз провинциясы аркылуу ташылып жатканы айтылган болчу.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жакын арада Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизелдик май 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп экени айтылган.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан импорттон көз каранды болгондуктан күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG