Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Брюсселдеги саммитте орус-украин чегиндеги чыңалууга көңүл бурулат


Европа комиссиясынын Брюсселдеги баш кеңсеси.
Европа комиссиясынын Брюсселдеги баш кеңсеси.

16-декабрда Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселде саммитке чогулууда. Анда Орусия менен Украинанын чек арасындагы чыңалууга, Беларустагы кырдаалга, COVID-19 жана энергетикалык маселелерге көңүл бурулат деп күтүлүүдө.

Еврошаркет орус күчтөрүнүн Украинанын чек арасына топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирип, эгер кандайдыр бир чабуул баштала турган болсо, анда Москвага катаал санкциялар салынарын эскерткен.

Орусия Украинага чабуул коюу планы жок экенин билдирген. Ошол эле учурда Киевдин НАТОго ыктымал мүчөлүгү сыяктуу бир катар маселелер боюнча Батыш өлкөлөрүнө талап койгон.

Бир күн мурда украин президенти Владимир Зеленский Брюсселде Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.

Евробиримдиктин бейшембидеги саммитинде Беларустан келген мигранттардын маселеси да талкууланганы жатат. Шаркеттин лидерлери Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкону "Жакынкы Чыгыштагы мигранттарды Евробиримдиктин аймагына айдактап жатат" деп айыптап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG