Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Чүйдө милиция ар улуттун диаспоралары менен жолугушту


Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен тиешелүү бөлүм башчылары аймактагы улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

16-декабрдагы жолугушууда улут аралык чыр-чатактардын келип чыгышынын алдын алуу, сабырдуулук, мыйзамдуулукту сактоо, тартип бузуунун укуктук кесепеттерин талкуулашты. Айрыкча жаштар жана улуттар арасындагы сабырдуулук, терроризм жана экстремизмдин алдын алуу жөнүндө профилактикалык иш-чаралар зарыл экени белгиленди.

Ушул жылы августта “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу планын бекитүү боюнча мекеме аралык топтун жыйыны өткөн.

Аталган документ 2013-2017-жылдардагы “Элдин биримдигин жана улут аралык мамилелерди бекемдөө” концепциясынын уландысы экени айтылган. Улут аралык мамиле боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртууга багытталган “Кыргыз жараны” концепциясынын максаттарын жана багыттарын элге жеткирүү иш-чаралары буга чейин бардык аймактарда өткөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 100дөн ашуун этнос жашайт, анын ичинен кыргыздар 73% түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG