Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Сот Мелис Аспековду абакта калтырды


Мелис Аспеков ортодо.
Мелис Аспеков ортодо.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган активист Мелис Аспековго байланыштуу ишти карады. Адвокат Сергей Манукян Аспековдун күнөөлүү эместиги боюнча далилдер чогулганын жана анын жүрөгүнө операция жасатканын эске алып бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди.

Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок, активист абакта калды.

Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Августта Аспековдун жүрөгүнө "Бикард" менчик клиникасында операция жасалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG