Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Болгариянын коргоо министри НАТОну жайгаштыруу зарылдыгы жоктугун билдирди


Стефан Янев.
Стефан Янев.

Болгариянын коргоо министри Стефан Янев Орусиянын Украина менен чек арага жакын жерде аскерлерин көбөйтүүсүнө байланыштуу НАТОнун кошумча күчтөрүн Болгариянын аймагына жайгаштыруунун зарылдыгы жок деп эсептейт.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына "Мындай чечим НАТО боюнча союздаштардын кызыкчылыктарына да, Болгариянын улуттук кызыкчылыктарына да дал келбейт" деп жазды.

Янев НАТОнун алкагында “жооп берүүнүн ар кандай варианттары” талкууланып жатканын, азырынча кандайдыр бир чечим кабыл алына электигин, бул талкуулар чыңалууну күчөтүп жибербеши керектигин айткан.

Билдирүү Украинанын чек арасына жакын жерде он миңдеген орус аскерлеринин болушуна байланыштуу Батыштын кооптонуусу чыңалып турган учурда айтылды.

9-декабрда АКШ президенти Жо Байден украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу бул өлкөнүн чыгышындагы абал боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу, Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу, каржылык жана саясий колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулаган.

Андан кийин Болгария, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша, Румыния жана Словакия лидерлери менен телефон аркылуу орус бийлигинин Украина менен чектеш аймагына аскерлерин топтоп жатканына байланыштуу коопсуздук чараларын талкуулаган.

Андан эки күн мурда Байден орус президенти Владимир Путин менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы соңку абалды талкуулаган.

Батыш менен Киев Орусия Украинага жакын аймакта он миңдеген аскерлерин топтоп жатканын билдирип келет. Алар Кремл Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп турат. Москва мындай дооматтарды четке кагып, Батыш кырдаалды чыңалтып жатканын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG