Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Адвокат: УКМК Калмаматовдун паспорту жасалма болушу мүмкүн деп жатат


Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов сегиз сааттан бери Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берүүдө. Бул тууралуу анын адвокаты Айым Камчыбекова билдирди.

Адвокаттын айтымында, атайын кызмат Калмаматовдун жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн деп текшерип жатат.

"Бактыбек Калмаматов учуу алдында Сот департаментинен, Чек ара кызматынан өлкөдөн чыгууга чектөө жокпу деп текшергенбиз. Эч кандай тоскоолдук жок деген. Аэропорттон каттоодон өтүп, Чек ара кызматына жеткенде чек арачылар рейстен алып калышты. Эмне себептен кармап жатасыңар десек, атайын кызматтын "Калмаматовду кармап өткөрүп бергиле" деген оперативдик буйругу бар бар дешти. Бир сааттан кийин УКМКнын кызматкерлери келип, чакыруу кагазын беришти. Эмне маселе десек, паспортуңар жасалма дейт. Бул паспорт менен Украинага, Түркияга, Өзбекстанга барып келген".

Адвокат сурак сегиз сааттан ашык убакыттан бери жүрүп жатканын, бул мыйзам бузуу экенин белгиледи.

Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышканын билдирген. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.

УКМК сурак тууралуу маалымат бере элек.

Бийликти кескин сындап келаткан Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG