Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Атамбаевдин бөгөт чарасы 17-январда каралмай болду


Алмазбек Атамбаев сотто. Архив.
Алмазбек Атамбаев сотто. Архив.

Жогорку сот "Батукаев иши" боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын кароону 17-январга жылдырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары Жогорку сот "Батукаев ишин" 22-декабрда кайра карай турганын билдиришкен.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп, Жогорку сотко арызданышкан. Натыйжада адвокаттардын арызы канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген.

2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

21-декабрда Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү териштирген кылмыш иштин алкагында Атамбаевдын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн Биринчи май райондук соту кабарлаган.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев бул ишке байланыштуу ошол жылдын августунда Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG