Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 02:05

Жогорку Сот Атазовдун арызын четке какты


Нурбек Алимбеков жана Шайлообек Атазов. Коллаж

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сот парламент депутаттагына талапкер Шайлообек Атазовдун добуш сатып алуу боюнча доо арызын карап, мурдагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкектин административдик соту Атазовдун арызы боюнча чечимди анын атаандашы, талапкер Нурбек Алимбековдун пайдасына чыгарган.

Жогорку соттун чечиминин негизинде №8 Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбеков депутат болуп келет.

Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Нурбек Алимбековдун шайлоо штабы бир катар мыйзамсыз аракеттерге барган, добуш сатып алган деген негизде сотко кайрылган.

Алимбековдун шайлоо штабы өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG