Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Бишкекте кассалык аппаратка каршы болгон соодагерлер митингге чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун соодагерлери жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышты. Алар учурда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турушат.

Соодагерлер кассалык аппараттардын коюлушуна каршы болушууда. Салык кызматынын инспекторлору кассалык аппарат колдонбогону үчүн айыппул салып жатканын айтып, мурдагыдай эле патент ыкмасы менен иштөөнү талап кылышууда.

Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда "Чакан ишкердик субъектилерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу каралган. Бирок алар онлайн кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонушу керек.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 30-40% экени айтылып келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG