Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Акылбек Жапаров парламенттин 6-чакырылышы тарыхый миссия аткарганын билдирди


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иши жыйынтыкталып жатканына байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин жалпы отурумунда кайрылуу жасады.

Жапаров Кыргызстандын тарыхында өз миссиясын аткарган тарыхый парламент болгонун белгиледи.

"5-чакырылышта Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик тышкы карыздын эң чоң үлүшү алынган. 6-чакырылыш тышкы карызды албоого, ошол эле мезгилде гранттык үлүшү 50% чейин турган эл аралык келишимдерди ратификациялоого аракет жасадык. Алынган тышкы карыздын натыйжасыздыгы, коңшу өлкөлөр арасындагы чечилбеген таарынычтар, Дача СУ авиакырсыгы, Бишкек ЖЭБиндеги, Тарых музейинин айланасындагы, Кумтөр боюнча чуулгандуу маселелерди ушул чакырылыш талдап, ушул чакырылыш жыйынтык чыгарды".

Министрлер кабинетинин төрагасы парламенттин 6-чакырылышынын ишинде бир топ кемчиликтер дагы кеткенин, бирок дүйнө тарыхында бир дагы парламент бардыгына жакпай турганын айтты.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда КСДП, "Республика - Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол", "Ата Мекен" фракциялары парламентке келген.

Мыйзам боюнча парламент депутаттары беш жылга шайланат. Бирок 2020-жылы 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктарын бир жылга узарткан.

Парламенттин 6-чакырылышы алты жылдык ишинде эки жолу референдум аркылуу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизди, үч президент менен иштеди, тогуз жолу өкмөттү бекитип берди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл 28-ноябрда өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 23-декабрда ишке киришерин билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG