Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Көчө тазалагандардын кооптуу иши, жолдо үзүлгөн өмүр


"Тазалык" ишканасынын жумушчусу көчөнүн карын тазалап жатат. Бишкек шаары.
"Тазалык" ишканасынын жумушчусу көчөнүн карын тазалап жатат. Бишкек шаары.

Бишкекте соңку он күн ичинде "Тазалык" ишканасынын эки кызматкери көчө шыпырып жаткан жеринен автоунаа коюп кетип, каза болду. Эки учурда тең айдоочулардын мас абалда болгону айтылууда. Бул эки кырсык "Тазалык" ишканасынын жумушчуларынын коопсуздугу тууралуу маселени күн тартибине чыгарды.

"Эсиме келсем ооруканада экем"

37 жаштагы Мадина Токобаева "Тазалыкта" көчө шыпырып иштегенине бир нече жыл болгон. Аны быйыл февраль айында таңкы саат 06:30 чамасында катуу келе жаткан автоунаа коюп кеткен. Оор жаракат алган Мадина ооруканада бир нече айлап дарыланды.

Мадина Токобаева кырсык болгонго чейин.
Мадина Токобаева кырсык болгонго чейин.

"Атайын машиненин жарыгына чагылышып, алыстан көрсөтүүчү сызыктары менен кемсел кийип жүргөм. Айдоочу көрбөй калышы мүмкүн эмес эле. Кулагымда кулакчын деле жок болчу. Машине кантип келип сүзгөнүн деле билбейм, эсиме келсем ооруканада рентгенге тартып жатышыптыр," - деп эскерди Мадина.

Шаардык милиция көп өтпөй "Тазалыктын" кызматкерин коюп кеткен BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун аныктап, кармаганын билдирген.

Мадинанын моюну эки жеринен сынган, башы, жаак сөөктөрү сынып, бети айрылган. Оң жак буту эки-үч жеринен сынып кеткен. Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда, андан кийин Республикалык оорукананын жаак сөөгүн дарылоочу бөлүмүндө жатып, бир нече операцияны башынан өткөргөн.

"Айдоочу жаш, 17 жаштагы жигит экен дешти. Анын туугандары ооруканага келип, дарыларымды төлөп беришти. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 4-5 операция болдум. Басканым оңоло элек, дарылануум уланып жатат. Эч жерде иштей албай калдым. Апамдын жардамы менен төрт баламды багып жатам. Бутумдун тарамыштары үзүлүп кеткен, физиодарылоодон айыгабы дешсе, айыккан жок. Эми операция кылабыз деп, ошого даярдап жатышат".

Мадинанын апасы Жылдыз Орозалиева дагы "Тазалык" ишканасында иштейт. Ал да ошол күнү кызы менен чогуу Бишкектин Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде көчө шыпырып жаткан.

Мадинага "Тазалык" ишканасынын кесиптик кошууну 10 миң сом, Бишкектин ошол кездеги мэри Бактыбек Кудайбергенов өз чөнтөгүнөн 5 миң сом берген.

"Дарылануу үчүн арыз жазсаң, 100 миң сомго чейин төлөнөт дешкен. Бирок жазсам, болгону 5 миң сом чыгарып беришти. Андан бери мэриядан да, "Тазалыктан" да бирөө келип абалымды сурап койгон жок", -дейт Мадина Токобаева.

Бир айда эки жумушчу каза тапты

Декабрь айында эле "Тазалык" муниципалдык ишканасынын эки жумушчусу автоунаа сүзүп кетип каза тапты.

18-декабрда таңга маал Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанынын жанында (Масалиев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде) көчө шыпырып жаткан “Тазалык” ишканасынын 60 жаштагы жумушчусу машине коюп кетип каза болгон. Милиция айдоочу мас экени тастыкталып, камакка алынганын кабарлады. Учурда териштирүү жүрүүдө.

12-декабрда "Тазалыктын" дагы бир жумушчусу ушундай эле кырсыктан каза болду. Борбор калаанын Жибек-Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде көчө шыпырып жаткан жумушчуну Mazda Atenza унаасы коюп кеткен. Милициянын маалыматына караганда, айдоочунун канынан баңгизат табылып, учурда камакта.

Бул окуялар боюнча "Тазалык" ишканасынын жетекчилиги пикирин билдирүүдөн баш тартты. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тергөө жүрүп жаткандыктан, эч кандай комментарий болбосун билдирди.

Назгүл Жамгырчиева.
Назгүл Жамгырчиева.

"Бул иш боюнча кызматтык иликтөө да, ички иштер органдарында тергөө да жүрүп жатат. Ал жакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ошондуктан, азырынча эч кандай маалымат бере албайбыз. "Тазалыктын" жумушчуларына коопсуздук кемселдери берилет",-дейт Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева.

"Тазалык" ишканасынын жумушчулары иш учурунда кырсыктап же өлүмгө учураган учурлар арбын. Мурунку жылдары да бир нече жумушчу көчө шыпырып жатканда машине уруп кетип, набыт болушкан.

Жумушчулардын коопсуздугуна ким жооптуу?

Кызматкерлердин коопсуздугу үчүн атайын жарыкка чагылыша турган сызыктары бар кийимдер берилет. Мындан тышкары ар бир жумушчу атайын камсыздоодон өткөрүлөт. Алардын ар бирине жыл сайын ишкана 800 сомдон камсыздоо ишканасына төлөп берет, кокус кырсыктаган учурда бул ишкана "Тазалыктын" кызматкерине 50 миң сомдон 500 миң сомго чейин төлөп берет.

Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын мурдагы жетекчиси Рысбек Сарпашев "Азаттыкка" айтып берди:

"Жумушчулардын коопсуздугун атайын мастерлер карап, камсыздоого жардам беришет. Жарыкка чагылыша турган атайын кийимдерди алып бергенбиз. Жумушчулардын ар бири камсыздоочу компания аркылуу камсыздандырылган. Эгерде иш учурунда кырсыктаса же каза болуп калса, камсыздандыруучу компания 50 миң сомдон 500 миң сомго чейин төлөп бериши керек. Атүгүл 3 млн. сомго чейин төлөнө турган учурлары бар".

Көчөнү кардан тазалап жаткан жумушчулар.
Көчөнү кардан тазалап жаткан жумушчулар.

Көчө шыпырып жүрүп унаа коюп жаракат алган же каза болгон жумушчулардын санын азайтуу же мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн атайын көчө тазалаган техникаларды сатып алуу сунуштары да айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, "Тазалыктын" азыркы жетекчилиги жана шаардык мэрия учурда ошондой техникаларды сатып алууга аракет кылууда.

Ал эми "Тазалыктын" мурдагы жетекчиси бул демилгени четке какты. Анын айтуусунда, андай техникалар Бишкектин шартында иштей албайт.

"Европа менен бизди салыштырууга болбойт. Анткени ал жакта жолго баткак акпайт. Бизде жолдун эки чети бүт ылай. Көчө тазалаган машинелер аны эч качан тазалай алышпайт. Ал машинелер өтө кымбат, биздин жолдордо аларды иштетүүдөн майнап чыкпайт. Кум, баткак тыгылып калып, бузулат".

Таштандыны жыйнап жаткан жумушчулар.
Таштандыны жыйнап жаткан жумушчулар.

Учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын карамагында 25 техника бар. Алар кар жааган учурда көчөгө кум, туз себет. Бул ишкана борбор калаанын бюджетинен каржыланат. Жылына болжолу 514 млн. сом бөлүнсө, анын дээрлик 80-90% айлык акы менен салыкка сарпталат. Калганы техника жана башка керектүү нерселерге жумшалат.

"Тазалык" муниципалдык ишканасында болжолдуу 1,5 миңдей жумушчу бар. Алардын орточо айлык акысы 15-20 миң сомдун айланасында.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG