Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Айлык сураган мигранттар айыпка жыгылды


Москва.
Москва.

Москвада нормадан ашык иштегени үчүн акы талап кылган кар тазалагычтар 10 миң рублдан айып тартышты.

Москванын Чертанов соту 12-февралда төрт мигрант – короочуну «массалык митинг жүргүзүү эрежесин бузган» деп айыптап, ар бирин 10 миң рублдан айыпка жыкты. 13-февралда дагы үч мигранттын иши сотто каралып, алар да айып төлөй турган болушту.

«Жилищник» өкмөттүк мекемесинин Нагорный районунда кар тазалап иштеген мигранттар декабрдын аягында эмгек акысын, ошондой эле нормадан ашык иштегендери үчүн кошумча төлөм талап кылып, өкмөттүк мекеменин башчылыгына барган.

Ошол жерден отуздай борбор азиялык мигрантты полиция кармап кеткен.

- Биз кыйкырып, ызы-чуу кылган эмеспиз. Биз жетекчилик менен гана cүйлөшүүгө келгенбиз. Алар дароо полицияга чалып, чакырып коюшкан экен. Отуздай адам чогулганбыз. Сегиз автоунаа анан бир автобус толтура полициячы келип, бизди кармап кетти, - дейт өзбекстандык Бобур Маматов.

Полиция бөлүмүндө жетекчиликке эмгек акысын сурап барган мигранттарга «уруксатсыз митинг уюштурган» деп айып тагышкан.

«Москвалык активист» коомдук кыймылдын башчысы Варвара Грязнова – башынан бул мигранттардын таламын талашкандардын бири.

Варвара Грязнова
Варвара Грязнова

Варвара полиция бөлүмүндө мигранттардын кээ бири түшүнбөстөн эле кагаздарга кол коюп берип, эми айып тартып жатканын айтты:

- Аларда микрофон жок болчу, алар митинг уюштурууну пландаган да эмес. Алар мекеменин аймагында, райондук бөлүмдүн жетекчилиги менен алдын ала сүйлөшүп, ага жолугушууга барышкан. Полиция бөлүмүндө кандайча митинг тууралуу протокол түзүлүп, ага адамдардын кээ бири кол коюп бергени белгисиз. Атайын эле адаштырышкан.

Ноябрь-декабрда күнүнө 15 сааттан, дем алышсыз кар тазалап иштегени үчүн акы талап кылып, жетекчиликке барган отуздай борбор азиялык мигранттын жетөө административдик мыйзам бузуу боюнча жоопко тартылды. Калгандары полиция бөлүмүндө документтери текшерилип, сурак бергенден кийин бошотулган.

«Жилищник» өкмөттүк тазалык мекемесинин Нагорный районундагы бөлүмүндө короочу-мигранттарга эмгек келишимде көрсөтүлгөн айлыктары төлөнүп берилгени кабарланган.

Ал эми «уруксатсыз митинг уюштурган» деп 10 миң рублдан айыпка жыгылган өзбекстандыктар - Равшан Дехконов, Жасур Бозоров, Шухрат Худайбердиев, Фаёз Убайдов, Шохрух Оролов, Абдуахат Душаев, Бобур Маматов.

Мигранттардын укуктарын коргоого көмөктөшкөн коомдук жардамчы Руслан Гаджимурадов соттун чечимин жокко чыгаруу аракетинде.

- Башында 9-январда сот болот дешкен. Сот боло турган күнү жардам сурап кайрылган балдарга байланышсам, полициянын протоколу боюнча аларды "миграциялык каттоого туруу эрежесин бузган" деп, депортациялаганы жатышыптыр. Укук коргоочулар, журналисттерге байланышып, бул окуяга коомчулуктун көңүлүн бура баштаганыбызда, алар аракеттерин токтотуп, сот артка жылдырылган. Эми булар митинг уюштурган деп айыпталып жатышат. Жумуш берүүчү мекемеде болсо, алар Нагорный районундагы участкалык жетекчи жумуштан алынып, ордуна башка коюлганын айтышты. Бирок, ашыкча иштегендери үчүн акы төлөшкөн жок. Кагазда көрсөтүлгөн акыны төлөп, «ашыкча өз каалооңор менен иштегенсиңер, ашыкча иш үчүн сыйлык акы бир гана жетекчиликтин чечими менен берилет» деген жооп болду.

Укук коргоочулардын белгилешинче маянасын жана ашыкча иштегени үчүн берилчү акыны сурап барган мигранттар эми өлкөдөн депортацияланышы да ыктымал.

Орусияда бир же бир нече административдик тартип бузуу үчүн чет өлкөлүк мигранттарды өлкөдөн чыгаруу, «кара тизмеге» алуу чарасы кеңири колдонулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG