Жибек: Көчө шыпыргандан уялбайм
Жибек Каракеева - Бишкек шаарындагы “Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы. Ал эл көп сындаган, бирок иши ар бир адамга зарыл ишкананын жумушчуларынын кызматын отчет сыяктуу супсак жазылган пресс-релиздер менен эмес, өзү көргөндөй сүрөттөйт. Анын айтымында, жазган текстиң таасирдүү, окумдуу болуш үчүн ар бир ишти өз колуң менен жасап көрүшүң керек. Ошол себептүү, таң эртеден кечке чейин "Тазалыктын" жумушчулары менен кошо көчө шыпырып, таштанды жыйнап, гүл отургузуп ар бир түйшүктү өз көзү менен көрөт. Өз ишин мыкты аткарган Жибек Кыргыз ССРинин Улуттук Илимдер Академиясынын мурдагы президенти, тарыхчы, академик Курман-Гали Каракеевдин небереси экенин көбү биле беришпейт.
Чыгарылыштар
-
Январь 27, 2023
Самат: “Азаттыкка” чыкканым мага дем берген
-
Январь 17, 2023
Байге сайып окурман издеген китеп дүкөндөр
-
Декабрь 21, 2022
Англис тилин Тик-Токтон үйрөткөн Барчынай
-
Декабрь 18, 2022
Миграция: Аялдардын укугу жана өкүтү
-
Декабрь 17, 2022
Кочкор: жайытты сакташ үчүн мөңгү жасаган адис
-
Декабрь 07, 2022
Америкада телефон оңдогон Азамат