Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Бишкекти өнүктүрүү программасы кабыл алынды


Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулуштар.
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулуштар.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэр Кубанычбек Кулматовдун калааны өнүктүрүү программасын колдоп беришти.

Бирок айрым депутаттар менен шаардын тургундары Кулматовдун мэрликке келгенине 6 айда болсо да, мэрдин ишинин жыйынтыгы байкалбай жатканын сынга алды.

"Республика" фракциясы программаны колдоодон баш тартты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көпкө созулган талкуулардан соң борборду өнүктүрүүнүн 2018-жылга чейинки программасын кабыл алышты. Бул быйыл жыл башында мэрликке келген Кубанычбек Кулматовдун командасы иштеп чыккан негизги документ. Анда шаардагы тазалык, жол маселелерин жөнгө салып, шаар бюджетинин кирешесин көбөйтүү, жаңы жумуш орундарды түзүү сыяктуу тапшырмалар камтылган. Буга чейин аталган долбоор шаардык кеңеш депутаттарына сунушталып, бирок артка кайтарылган эле. А түгүл депутаттар эгер мэр программасын 1-июнга чейин кайра иштеп чыкпаса, ага ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлөөрүн эскертишкен. Дал ушул программа кайрадан иштелип чыгып, депутаттар бүгүн аны бекитип беришти.

Бирок программаны калаа кеңешиндеги оппозициялык “Республика” фракциясы колдоодон баш тартты. Аталган фракциянын лидери Мирлан Жээнчороевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Кулматовдун калаа башчылыгына келгенине 6 ай болсо да, анын ишинин жыйынтыгы сезилбей жатат:

- Кардиналдуу өзгөрүүлөр жок болуп жатат. Айрым тармактарда кичине өзгөрүүлөр бар, бирок ал жетишсиз. Өзүңөр деле көрүп жатасыңар го, шаарда бир катар тармактар жолго коюлбай жатат. Мэр болсо программа кабыл алынса, өзгөрүүлөрдү ишке ашырам деп жатат. Бүгүн шаардык кеңештин депутаттары карт-бланш катары программаны бекитип берди. Бирок “Республика” фракциясы биз өз добушубуздан баш тарттык.

Жээнчороев кошумчалагандай, Кулматов мэрликке келгенден бери шаардык кеңеш берген тапшырмалардын көпчүлүгү аткарылган эмес. Мындан улам депутаттар сынга алып, мэрди бул маселеге көңүл бурууга чакырышты.

Калаа мэри Кубанычбек Кулматов болсо бул убакыт ичинде мэриянын ички иштери менен алек болгонун айтып, калаанын өнүктүрүү планы кабыл алынышы менен көп нерсе өзгөрөөрүн убада кылууда:

- Чынын айтканда, мэрияга мен сырттан келдим. Кызматкерлер боюнча маселелер чыкты. Анан да, өнүктүрүү программасы кабыл алынабы, жокпу деп көп даярдандык. Эми болсо программа кабыл алынышы менен анын негизинде толук кандуу иштей баштайбыз. Жакынкы аралыкта шаар тургундары өзгөрүүлөрдү сезет деп ойлоп жатам.

Ордо калаада кандай өзгөрүү бар?

Оппозициялык депутат Жээнчороев белгилегендей, Кубанычбек Кулматов келгени шаарда эмне өзгөрдү деп суроо салган калаа тургундары арбын. Мындай суроону «Азаттык» калаанын айрым тургундарына да узатты.

Айбек: Азыркы мэрдин ишинин жыйынтыгын деле байкаган жокпуз. Баары эле мурдагыдай болуп турат.

Динара: Мэрдин иши канаатандырбайт. Шаарда жашылдандыруу, тазалык иштери начарлап кетти.

Эркин: Мэрдин иши жакшы болуп жатат го. Жолдор оңолуп, тазалык иштери бир калыпка салынды окшойт. Мэрдин ишине канаатанып жатам.

Атайбек: Мурунку мэрдин учурунда көбүрөөк жолдор жасалып жатты эле. Азыр болсо бул иштер такыр эле токтоп калды го.

Ал эми шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Союзбек Салиев мэрдин жарым жылдагы ишмердүүлүгүн жакшы деп баалайт. Салиевдин пикиринде, Кулматов шаарды өзгөртүүсү үчүн убакыт керек:

- Мэр эми сыйкырчы эмес. Анткени мэр чечим кабыл алууда ар бир нерсени тең салмактап, мыйзамдын чегинде иш жүргүзүшү керек болуп жатат. Анын үстүнө Кулматов келгени кызматкерлер тарабынан каршылыктар болуп, туура эмес кабыл алып, ачыгын айтканда саботаж кылган адамдар да болду. Ошондуктан тез аранын ичинде эле өзгөрүү сезилип кетпейт. Кылдаттык менен күн сайын аткырылчу иш.

Буга чейин Бажы кызматынын жетекчиси, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп эмгектенип келген Кубанычбек Кулматов ушул жылдын 15-январында мэрликке шайланган. Аны шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы көрсөткөн.

Кулматовго чейинки мэр Иса Өмүркуловго шаардагы сейил бактын 16 гектар аймагын ижарага мыйзамсыз берип салган деген айып менен кылмыш иш козголгон соң кызматтан кеткен. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоо Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранып, сот чечими 7-июлда чыгаары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG