Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Желим таштанды жети аймакты булгады


Баткендеги таштанды полигону.
Баткендеги таштанды полигону.

Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда өлкө боюнча азыр ушу тапта 16,5 млн. тонна таштанды бар.

Алардын басымдуусу желимден жасалган баштык, бөтөлкө, идиш жана темир-тезектер экен. Учурда Кыргызстандын бир дагы аймагында таштандыларды кайра иштете турган ишкана жок.

53 гектар жерди ээлеп жаткан Оштогу таштанды полигону элдүү конушка жакын болсо да ушул күнгө чейин айланасы тосулбай турат. Шаар аймагынан күн сайын 1200 куб таштанды чыгарылат. Бирок таштанды иргелбей туруп полигонго төгүлөт. Ош шаар бийлиги таштандыны кайра иштетүү үчүн учурда Европа өнүктүрүү банкы менен бирге долбоор түзүп, иш алып барып жатат. Аймактык кабарчыбыз Медер Ниязалиевдин баянын угалы.

Ош: Таштандыны иргенгенге мезгил жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:29 0:00
Түз линк

Ири таштанды жайларына ыргытылган пакет, желим бөтөлкө сыяктуу жеңил таштандылар шамал менен учуп, башка аймактарды каптаганы чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул боюнча Талас шаарындагы полигондун мисалында сөз кылабыз. Теманы жеринен кабарчыбыз Альбина Сулайманова улантат.

Талас таштандыдан арылбады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк

Нарын районунун Эчки-Башы айыл өкмөтү малдын тарпын ыргытуу үчүн жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен атайын чуңкур казышкан. Бирок, бул өңдүү ыкмалар облуста жапырт колдоого алынганы жана аны уюштурууга облустук бийликтин аракет көргөнү байкалбайт. Кабарчыбыз Мирлан Кадыровдун макаласында.

Нарын: Малдын тарпын таштабайлы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00
Түз линк

Баткен шаарында 6 миңдей кожолуктун 30 пайызга жетпегени таштанды үчүн акча төлөйт. "Тазалык" ишканасын жергиликтүү казына каржылап турат. Чакан шаарда таштандыларды чогултуу, белгиленген жерге таштоо жана көчөнү жыйнап-тазалоо үчүн каражат топтоо маданияты жакшы калыптана элек. Аймактан кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кепти улантат.

Баткен: Таштандыны таштай билүү да маданият
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00
Түз линк

Жалал-Абад шаарынын бийлиги төрт жыл мурда кабыл алынган “Шаар аймактарын абаттоо жана жашылдандыруу эрежелери” программасын толук кандуу ишке ашыра албай жатат. Программада жеке турак жайлардын ээлерине айлана-тегеректи таза кармоо милдети тагылган. Теманы кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.

Жалал-Абад: Ишке ашпаган программа
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00
Түз линк

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагы таштандыларды чогултуп, кайра иштетүүгө жиберүү үчүн “Үч чака” долбоорун иштеп чыгышты. Үлгү катарындагы бул долбоордо кагаз жана чүпүрөк өзүнчө, желим өзүнчө, айнек өзүнчө ташталат. Органикалык нерселер өзүнчө бөлүнүп, кайра иштетүүгө даярдалат. Долбоор апрель айында ишке кирет. Ысык-Көлдөн кабарчыбыз Асеин Маданбеков айтып берет.

Ысык-Көл: "Үч чака" - тазалыкка карай кадам
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG