Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Хакасияда түрктөр тууралуу тасма тарткан журналисттер кармалды


Түрк журналисти Эмин Карачак менен кошо Хакасияда кармалган казакстандык журналист Назгүл Кенжетай.
Түрк журналисти Эмин Карачак менен кошо Хакасияда кармалган казакстандык журналист Назгүл Кенжетай.

Түркиянын мамлекеттик Anadolu агенттиги GZT түрк басылмасынын редакторлору Назгүл Кенжетай менен Эмин Карачак 16-декабрда Орусиянын Хакасия республикасында түрк коомдорунун жашоосу тууралуу даректүү тасма тартып жүргөн учурда кармалганын билдирди.

Кенжетай менен Карачакты экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кармашып, алардын буюм-тайымдары тартылып алынып, тасмага тартылган бардык материалдар жок кылынганы кабарланган. Экөө тең Абакандагы полициянын убактылуу кармоочу жайында экени, бир канча убактан соң депортацияланары айтылды.

Назгүл Кенжетайдын билдирүүсүндө, өзү Красноярск аркылуу Казакстанга учуп кетүүнү көздөгөн. Кесиптеши Түркияга учуп кетиши керек болчу. Журналисттер бийлик алардын камактагы мөөнөтүн узартуу үчүн өлкөдөн чыгарууну кечеңдетип жатканын, убактылуу кармоочу жайда шарт жоктугун жана телефондору тынымсыз көзөмөлдө экенин айтып жатышат.

Казакстандын жараны Кенжетай Түркияда жашап, түрк университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Ал өзүнүн мекенинде Жакынкы Чыгыштан даярдаган фоторепортаждары үчүн “Казакстандын 100 жаңы жүзү” улуттук долбооруна кирген.

Эмин Карачак менен бирге Хакасияга барардын алдында Якутиядагы, Бурятиядагы жана Алтайдагы түрк элдеринин жашоосу тууралуу бир нече сюжеттерди тарткан. Чыгармачыл топ Иркутскидеги тофаларлар менен да жолугушкан.

Абакан шаардык соту 17-декабрда Кенжетай менен Карачакты Орусияга кирүү эрежесин бир нече жолу бузган деген негизде күнөөлүү деп тапты.

Түрк мамлекеттик агенттиги орусиялык маалымат каражаттарында "Кенжетай менен Карачак орустарга каршы үгүт иштерин жүргүзүп, тыңчылык менен алектенип, түрк элдери Орусиянын жетекчилиги астында оор шарттарда жашап жатканын көрсөтүүгө аракет кылышкан" деген негизсиз айып тагышканын жазып чыкты. Маалыматта Хакасиядагы түрктөр журналисттердин абалына тынчсызданып, тамак-аш, суу алып келип жатканы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG