Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Көк-Таш айылындагы ок атуу боюнча териштирүү жүрүүдө


Баткендин Көк-Таш айылы. 10-январь, 2019-жыл.
Баткендин Көк-Таш айылы. 10-январь, 2019-жыл.

23-декабрга оогон түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында белгисиз бирөөлөр аңчылык куралдан ок чыгарган. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Учурда эки өлкөнүн укук коргоо органдары окуяны иликтөөгө киришти деди район жетекчиси.

Жергиликтүү тургундар түндөсү Көк-Таш айылынын чек аралаш аймагында эки-үч жолу аңчылык куралдан ок чыкканын айтууда. Октон эч ким жабыркаган эмес. Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугуп, ок кайсыл тараптан атылганын иликтөөгө алууда.

Бул боюнча Тажикстан тараптан расмий комментарий боло элек.

Акимдин айтымында, чек ара аймагында абал туруктуу, күч кызматтарынын көзөмөлүндө турат. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди.

22-декабрда дагы Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы жолдо Тажикстандын чек арачылары аралашкан окуя катталган эле. Тажик чек арачылары кыргызстандык автоунаага үч ирет атышканы айтылган. Бул окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек ара өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жолукту.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез эле ар кандай мүнөздөгү жаңжалдар катталып келүүдө. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG