Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Чек арадагы ок атуу боюнча сүйлөшүү башталды


Соцтармактарга тараган тасмадан алынган сүрөт.
Соцтармактарга тараган тасмадан алынган сүрөт.

22-декабрда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында, Арка - Максат жолунда бараткан автоунаага "ок атылды" делген тасма интернетке тарады. Кыргызстандын Чек ара кызматы​ окуя тууралуу "тажик аскерлери кыргызстандык айдоочуну алып кетүүгө аракет кылды" деген маалымат берди. Тажикстан кыргыз тарапты чагымчылдыкка айыптады.

22-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атылган окуядан кийин чектеш аймактагы карапайым калк коопсуздуктан улам түнү менен айылда күзөт уюштурушту.

“Абал тынч. Адатта чек арада ар кандай чыр-чатак чыкканда айылдагы эркектер күзөттө турабыз. Бири-бирибиз менен кабарлашып, байланышта болуп турабыз”, - деди Максат айылынын мурдагы башчысы Сапарали Адинаев.

Адинаев менен 22-декабрда кечки саат 7де байланыштык. Ал Лейлек жана Тажикстандын Ганч райондорунун акимдери кечинде жолугушуп, чыр-чатактарды болтурбоо жаатында сүйлөшөрүн айтты.

Максат айылына жакын жерде - Арка - Максат жолунда бараткан автоунаага "ок атылды" делген тасма шаршембиде социалдык желеге тараган болчу. Чек ара кызматынын Баткен аймактык башкармалыгынын басма сөз катчысы Асылкерим Ажиев окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

“Алдын ала маалыматтар боюнча кыргызстандык жаран КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаасы менен Максат - Жаштык жолунда баратып, суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда тажикстандык чек арачылар автоунаага отуруп алышкан. Айдоочуну мажбурлап, Тажикстандын аймагына айдатып бараткан учурда айдоочу жолдо туш келген машинелерге түз айдап, жардам сурап кыйкырган. Тажик чек арачылары бул учурда автоунаанын айнегине жана дөңгөлөктөрүнө үч жолу ок чыгарып, Тажикстандын аймагына качып кетишкен. Айдоочу айнектин сыныктарынан жеңил жаракат алган. Учурда окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек арачылары жолугуп, абалды талкуулап жатат”.

24-декабрда Тажикстандын Чек ара күчтөрү кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча билдирүү таратып, анда кыргыз тарапты "чагымчылдыкка" айыптады.

"Соңку мезгилде Кыргызстандын чек арачыларынын жана жарандарынын чек ара тилкесинде кырдаалды курчутуп жаткан чагымчыл аракеттери көбөйдү", - деп айтылат "Ховар" маалымат агенттиги тараткан маалыматта.

Тажик тараптын жүйөсүнө ылайык, 22-декабрда түш оой Лахш (Жерге-Тал) районунун Чашма пунктунда Кыргызстандын номери тагылган "Опель" автоунаасы Тажикстандын чек арасын бузганы үчүн кармалган. Унаада Кыргызстандын төрт куралдуу чек арачысы болгон жана алар кайра кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Тажикстандын расмий маалыматында айтылгандай, ошол эле күнү Согд облусунун Хистерварз пунктунда кыргыз жаранына таандык КамАЗ унаасы чек араны бузуп кирген. Тажик чек арачылары унааны токтотуу тууралуу белги берген жана бирок айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, чек арачылардын сүзүп кетүүгө аракет кылган.

"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында автоунааны токтотууга мүмкүн болду. Айдоочу кармоо учурунда жабыркаган жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Тажикстандын Чек ара күчтөрү 22-декабрда түнкү саат 11лер чамасында Согд облусундагы Сомониён кыштагындагы тажик жаранынын үйүнө кыргыз айылы тараптан ок атылганын, андан үйдүн терезелерине зыян келгенин билдирген.

Азырынча Кыргызстан тажик тараптын "чагымчылдык" тууралуу билдирүүсүнө жооп бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез эле ар кандай мүнөздөгү жаңжалдар катталып келүүдө. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган. Андан бери да чектеш аймактарда ар кандай масштабдагы бир катар талаш-тартыштар катталды.

Чек ара: коопсуздук жана дипломатия

“Интербилим” эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева эки өлкө ортосундагы чыр-чатактардын алдын ала албай жатат деп атайын кызматты сындады:

“Бул УКМКнын алсыздыгы. Атайын кызмат чалгын жүргүзүп, чагымдарды болтурбоонун аракетин көрүшү керек. УКМК анын ордуна бийликти сындаган саясатчыларды, активисттерди аңдып жүрбөйбү. Булар Кыргызстандын ресурсун туура эмес иштетип жаткандыктан, чек ара кооптуу болуп жатат. Чек араны коргоо УКМКнын биринчи милдеттеринин бири”.

Кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып келет. Бирок Мамасалиева Бишкек менен Дүйшөмбүнүн расмий кабарларына ишенбей турганын кошумчалап, ымаланы бекемдөө жаатындагы документтерди эки өлкөнүн өкмөттөрү тең ачык жарыялабай келатканын мисал келтирди.

“Убада Баткен” кыймылынын өкүлү Акмарват Абдилла кызы чыр-чатакты толук жоюу үчүн карапайым калк арасындагы түшүндүрүү иштери жана бийлик башындагылардын сүйлөшүүлөрү жетишсиз деген пикирде. Анын оюнча, эң ириде чек арага билимдүү, дипломатияны түшүнгөн адистерди тартуу зарыл:

“Жоокерлердин көбү мектепти бүткөн эле жигиттер. Мектептен ары армияга барат да, чек арачы болушат. Чыр-чатак катталган өлкөлөрдүн ортосунда жогорку билимдүү аскерлер күзөттө турушу керек. Алар тигил же бул мамлекеттин тургундары менен сүйлөшүүдө толеранттуулукту көрсөтө алганда агрессия азайышы мүмкүн. Анткени, чек арадагы маселелерди зым тартуу менен чечкенге болбойт. “Сөздүн күчү жетпегенге таяктын күчү жетпейт” деген накыл кеп бар эмеспи”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Эки өлкөнүн президенттеринин кездешүүлөрүндө 32 чакырым жер тилкеси боюнча тараптар макулдашууга келгенин тажик мамлекет башчысы айткан. Июлдун аягында тараптардын топографиялык топтору дагы 40 чакырымдай жер боюнча документке кол коюшкан. Андан бери канча чакырым боюнча сүйлөшүү болгону белгисиз.

Баткен: чек ара жаңжалынан кийинки өкүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG