Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Дубайдын эмири мурдагы жубайына тарыхтагы эң ири кенемте төлөп берет


Бириккен Араб Эмирлигинин вице-президенти, Дубайдын эмири, шейх Мохаммед ибн Рашид ал-Мактум мурдагы жубайы Хайя бинт ал-Хусейнге 554 миллион фунт стерлинг (734 миллион доллар) төлөп бериши керек.

Мындай чечимди Лондондун соту чыгарды. Маалымат каражаттары бул сумманы тарыхтагы эң чоң компенсация деп аташууда.

"Шейх өз билдирүүсүндө балдарына ар дайым кам көрө турганын айтты. Хайя бинт ал-Хусейндин адвокаттары комментарий берүүдөн баш тартышты", - деп жазат Al Jazeera.

Ханыша Хайя 47 жашта. Хайя Йорданиянын маркум падышасы Хусейн ибн Талалдын кызы. Азыркы падыша Абдалла II нин карачечекей карындашы. 2004-жылы Мохаммедге турмушка чыгып, алтынчы аял болгон. Эмир 72 жашта. Экөөнүн ортосунда бир уул, бир кыз төрөлгөн.

Хайя 2019-жылы балдарын алып Британияга качып кеткен. Ал күйөөсүн зордук-зомбулукка байланыштуу айыптаса, шейх Мохаммед аялын "ала жипти аттады" деп күнөөлөп, Лондондогу сотко кайрылган.

Маалымат каражаттар шейх Мохаммед Лондондо жүргөндө аялын жаш күзөтчүсү, британ армиясынын мурдагы офицери менен соо эмес деп шек санай баштаганын жазышкан. Бул маалыматтар коомчулукка чыгып кетпеши үчүн каныша күзөтчүлөргө эбегейсиз акча төлөгөнүн да жазган.

Хайя мурунку күйөөсүнөн аларды багуу үчүн акча сураган эмес, бирок балдары үчүн чыгымдарды төлөп берүүнү, өмүр бою коопсуздукту жана Бириккен Араб Эмирлигинде калган кийим-кече жана зер буюмдарын компенсациялоону талап кылган. Дооматтардын суммасы дээрлик 1,5 миллиард фунт стерлингге бааланган.

Мурунку рекорд орусиялык миллиардер Фархад Ахмедовго таандык болгон. Ал аялына 450 миллион фунт төлөшү керек болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG