Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

“Манас” айтуу боюнча окуучулар арасында республикалык сынак өтөт


Манасчы Нурбек Талантбеков.
Манасчы Нурбек Талантбеков.

2021-жылдын 25-декабрында мектеп окуучулары арасында "Манас" айтуу боюнча республикалык сынак өтөт. Бул тууралуу “Көйкашка” коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.

“Манас” эпосун даңазалоо максатында уюштурулуп жаткан сынакка катышууну каалаган 1-6-класстагы мектеп окуучулары "Сейтек" мектебинде, ал эми 7-11-класстагы окуучулар "Айчүрөк" кыздар лицейинде таймашка катыша алат. Кароо-сынак балдар жана кыздар арасында өзүнчө бөлүнүп өтүп, 44 райондон тандалып алынган 200 мектеп окуучусу катышат.

"Манас" эпосу "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан турган жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турганы классикалык варианты болуп саналат.

2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

Быйыл октябрь айынын башында мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлүп, токтомго Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Театрды манасчы Азиз Биймырза жетектейт. (MZh)

XS
SM
MD
LG