Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Тоолуу Бадахшан облусунун 66 тургунуна Тажикстандан чыгууга тыюу салынды


Жергиликтүү тургундун өлүмүнө нааразылык билдирген миңдеген адам обладминистрациянын алдына чогулду. 26-ноябрь, 2021-жыл.
Жергиликтүү тургундун өлүмүнө нааразылык билдирген миңдеген адам обладминистрациянын алдына чогулду. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун 66 тургунуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тизме боюнча бийлик үн ката элек. Жарандык активисттердин айтымында, тизмеге негизинен 25-28-ноябрь күндөрү Хорогдогу каршылык акциясына катышкандар кирген.

25-ноябрда Тоолуу Бадахшандын Шохдар айылында милиция менен аскер күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиебеков көз жумган. Буга нааразылык билдирген миңдеген адам обладминистрациянын алдына чыгып, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан. Үч күндүк акция маалында демонстранттар күч түзүмдөрү менен бир нече жолу кагылышып, эки адам каза болуп, бир нече киши жаракат алган.

Демонстранттар бийлик тыкыр иликтөө жүргүзүп, аймактагы интернетти күйгүзүүнү убада кылгандан кийин тарашкан. Анткен менен жарандык активисттер бийлик өз убадаларын аткарбай жатканын айтышууда. Интернет аймакта өтө чектелген. Ал эми митингге чыккандарды "кара тизмеге" киргизүү менен куугунтуктоо башталды.

20-декабрдын кечинде Тоолуу Бадахшан облусунун жашоочулары парламенттин жогорку палатасынын спикери Рустам Эмомалиге видео кайрылуу жолдоп, окуянын бир тараптуу иликтенип жатканына нааразылыгын билдиришти. Алардын айтымында, Хорогдогу демонстрация маалында жаракат алган жана каза болгон тургундардын окуялары иликтенбей эле, коопсуздук күчтөрүнө кол салуу фактылары териштирилип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG