Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Футбол: Кыргызстан Жапонияга 1:3 эсебинде утулуп жатат


Кыргызстан-Жапония. 14.11.2019
Кыргызстан-Жапония. 14.11.2019

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жапониялык атаандаштарына 1:3 эсебинде утулуп жатат. Жапониянын чабуулчусу Адо Анаю (ред: Ado Onaiwu) үч гол (27-31-34-мүнөттө. Биринчи топ 11 метрлик айып аянттан киргизилди) киргизди.

Биринчи таймдын аягында 11 метрлик айып аянттан Кыргызстандын чабуулчусу Мирлан Мурзаев бир топ (45+1) киргизди. Беттеш 15-июнда Жапониянын Суита шаарында (ред: Panasonic Stadium стадиону) өтүп жатат. Бул биринчи таймдагы эсеп.

Коронавирус илдетин жугузуп алган оюнчу менен байланышта болгон кураманын коргоочусу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев Жапония менен болгон беттешке да чыккан жок. Бирок ушул күнгө чейин бул оюнчулардын тесттери бир да жолу оң жыйынтык көрсөткөн эмес. Бул чектөөлөр Жапония өкмөтүнүн COVID-19 илдетине каршы чаралары болууда. Кыргызстандын дарбазасын Павел Матяш тосуп атат.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат.

Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган.

Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип, 11-июнда Мьянманы 8:1 эсебинде уткан.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

15-июнда Жапония менен Кыргызстан беттешинен сырткары Тажикстан - Мьянма командалары ойноп жатат. Бул оюндардан кийин F тайпасындагы командалардын тандоо оюндарынын 2-баскычындагы ээлеген орундары аныкталат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG