Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:58

Евро-2020: Тайпалык оюндар жыйынтыкталды


Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду.

Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндары жыйынтыкталды.

23-июндан 24-июнга караган түнү эң күчтүү деп саналган F тайпасында Германия менен Венгрия, Португалия менен Франция бет келишип, эки оюн тең 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Үч турдун жыйынтыгы менен 1/8 финалга Франция, Германия, Португалия чыкты.

1/8 финал 26-июнда башталат. Анда Дания менен Уэлс, Италия менен Австрия беттешет.

27 июнда Италия - Австрия, Голландия - Чехия, 28-июнда Бельгия - Португалия, Хорватия - Испания, 29-июнда Франция - Швейцария, Англия - Германия, 30 июнда Швеция - Украина менен ойнойт.

Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен Евро-2020нын бомбардирлер тизмесинде португалиялык футболчу Криштиану Роналду көч башын жетектеп бара жатат. Ал үч оюнда беш гол киргизди.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылган Европанын футбол боюнча чемпионаты “Евро-2020” деген аталышын сактоо менен 11 -июнда Италиянын борбору Римде башталган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG