Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Сариев: Депутатты чакыртып алуу чоң тобокелчилик жаратат


Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев Жогорку Кеңештин депутатын чакыртып алуу чоң тобокелчилик экенин билдирди. Сариев бул тууралуу "Азаттык" радиосунун "Эксперттер талдайт" талкуусунда катышып жатып билдирди.

“Мандатты чакыртып алуу институту киргизилди. Бул көйгөй жаратышы мүмкүн. Бир мандаттуу округда депутатты чакыртып алуу жеңилирээк болсо, партиялык тизме менен келген депутатты кантип чакыртып алат? Коррупциялык жол менен партиянын лидерине берилеби?”.

5-майда күчүнө кирген жаңы Баш мыйзамдын 76-беренесинин 3-бөлүгүндө Жогорку Кенештин депутаты конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда чакыртылып алынышы мүмкүн деп жазылган.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул маселе “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамда камтыларын, азырынча макулдашылган вариант жок экенин билдирди.

Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жиберилди. Анда 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG