Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Анкарада Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата көргөзмө ачылды


Анкара шаарындагы сүрөт көргөзмө.
Анкара шаарындагы сүрөт көргөзмө.

Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын имаратында Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлгандай, 23-июнда башталган иш-чаранын максаты - өлкөнү, анын тарыхый жана маданий баалуулуктарын, туризмин таанытуу.

Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, маданиятын, жаратылышын жана салттуу жашоосун, улуттук спорт оюндарын чагылдырган эмгектер жана пейзаждар кошулуп 61 сүрөт коюлду.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Түркия парламентинин Вице-спикери Сурейя Сади Билгич.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Түркия парламентинин Вице-спикери Сурейя Сади Билгич.

Иш-чаранын ачылышына Түркия парламентинин вице-спикери Сурейя Сади Билгич, депутаттар, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук тобунун, түрк Тышкы иштер министрлигинин, Анкара мэриясынын, коомдук уюмдардын, бизнес чөйрөнүн, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Көргөзмө 30-июнга чейин болот. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG