Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Бишкекте азык-түлүк бир айда дээрлик 23% кымбаттады


17-июнда Бишкекте тартылган сүрөт.
17-июнда Бишкекте тартылган сүрөт.

Кыргызстанда июнда азык-түлүктүн баасы май айына салыштырмалуу 19,5% кымбаттады. Баш калаа Бишкектеги баалар 22,8% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Сабиз 58,4%, картошка 36,3% кымбаттады. Бышыкчылык мезгили экенине карабай, мөмө-жемиштердин баасы 6,4% өскөн.

Коронавирус пандемиясында кымбатчылык каптап, базар баасы 2020-жылдын жазынан бери улам жогорулап жатат.

Улуттук банк жакынкы айларда инфляция 10% ашпайт деп 2021-жылдын февралында болжолдоп, жылдын аягында 7% чейин төмөндөй турганын билдирген. Бирок май айындагы божомол боюнча сентябрга чейин инфляция 11% деңгээлинде болору, жыл соңунда 9% чейин төмөндөй турганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG