Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Москвада эмдөөдөн өтпөгөндөр иштен четтетилет


Москвадагы эмдөө борбору. 17-июнь, 2021-жыл
Москвадагы эмдөө борбору. 17-июнь, 2021-жыл

Москвада COVID-19дан эмделбегендиги үчүн жумушунан четтетилген кызматкерлер ал күндөр үчүн маянасын албайт. Бул тууралуу орус башкалаасынын коронавируска каршы оперативдүү штабынан билдиришти. Ал убакыт эмгек тажрыйбасына да камтылбайт.

Мындай чара коронавирустун жайылып кетиши менен байланыштуу. “Роспотребсоюздун” борбор шаар боюнча башкармалыгы милдеттүү вакцинация тууралуу эреже киргизген.

Июндун башынан бери Орусияда коронавирустун жаңы штаммына чалдыккандар кескин өсүп кетти. Ошол эле маалда эмдөө жай жүрүүдө. 16-июнда Москванын бийлиги жана бир нече регион тейлөө кызматтарында, билим берүү, транспорт, саламаттык сактоо, маданият тармактарында иштегендердин жана аткаминерлердин 60% эмделүүгө тийиш деген эреже киргизишкен.

15-июлга чейин ишкана жетекчилери кызматкерлердин биринчи дозаны алышын, 15-августка дейре толук эмделишин камсыздашы керек.

Ошол эле маалда эмдөө өлкө мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу болуп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG