Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн бөлүм ачат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинде (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн атайын бөлүм ачылат. Бул тууралуу 24-июнда ИИМдин коомдук-коопсуздук кызматынын жетекчиси Улан Рысбеков Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйынында билдирди.

“Учурда профилактикалык иштерди милициянын аймактык тескөөчүлөрү карайт. Ал эми түшүндүрүү иштерин жалпы милиция кызматкерлери жүргүзөт. Алар өздөрүнүн аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу фактыларды аныктап ар үч ай сайын эл алдында отчет берип турат. Эми бул маселе менен күрөшүү үчүн атайын бөлүм ачылат”, - деди Рысбеков.

Учурда Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул кодекстердин жаңы редакциясы 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөргө жаза катаалдаган. Эгер мындай көрүнүш бир жылдын ичинде эки же андан ашык кайталанса ал кылмыш болуп саналып, айыпкерге беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Азыр иштеп жаткан мыйзамдарда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр коомдук жумуштарга тартылып, 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG