Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Талибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарын курчоого алышты


Кундуз шаары. Ооганстан. 21-июнь, 2021-жыл
Кундуз шаары. Ооганстан. 21-июнь, 2021-жыл

Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарынын жака белине жакындашты жана тажик аймагы менен байланыштырган өткөөлдү кармап турушат. Согушкерлер акыркы жумаларда улам бир районду өз көзөмөлүнө алып келатышат.

Шаршембиде Конгрессте сүйлөп жатып, АКШ куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабдарынын кол башчысы, генерал Марк Милли 419 райондук борбордун 81и козголоңчулардын колуна өткөнүн билдирди. Анын айтымында, алар 60 борборду былтыр, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу жараяны баштала электе басып алышкан.

АКШ баштаган коалициялык күчтөрдү биротоло алып кетүү иштери 1-майдан 11-сентябрга чейин уланары айтылган.

22-июнда талибдер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн - Кундуз провинциясынын борборунан 50 километрдей жердеги Шерхан Бандар шаарчасын ээлешкен. Талибан эртеси чек арадагы соода солгундабай турганын билдирди.

Шаршембиде согушкерлер Кундуз шаарын курчоого алышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, оор салгылашуулар жүрдү, электр энергиясын берүү, жүк жеткирүү үзгүлтүккө учурады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG