Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Чек ара: бийлик юристтердин кадамын сындады


Кыргыз-тажик чек ара чырында өрттөлгөн үйлөрдүн бири.
Кыргыз-тажик чек ара чырында өрттөлгөн үйлөрдүн бири.

Президенттин администрациясы кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасына кайрылган кыргызстандык юристтердин кадамын сынга алды.

Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматта чек ара маселеси аяр мамилени талап кылып жатканы жана бул жагдайда айрым жарандардын демилгеси маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн экени жазылган.

“Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат. Бул ишке байланыштуу өкмөттөр аралык комиссиялар ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатышат. Чек ара тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.

6-июнда юристтер Кыргызстандын жай тургундарына карата Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кат жолдошкон. Уюм кайрылууну расмий каттаганы тууралуу юрист, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү Сания Токтогазиева 15-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, экөө балдар. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG