Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Керимбек Калыкулов Ош мэриясынын басма сөз катчысы болду


Керимбек Калыкулов.
Керимбек Калыкулов.

Керимбек Калыкулов мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Буйрукка шаар мэри Алмаз Мамбетов 4-октябрда кол койду.

Калыкулов буга чейин ОшМУнун "Нур" гезитинде радактор, "Үмүт" телестудиясынын жетекчиси, Ош шаардык "Ош шамы" гезитинде башкы редактор, ЭлТР, ОшТВ телеканалдарында башкы директор болуп эмгектенген.

Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси болуп ушул жылдын август айына чейин Азамат Абсаттаров иштеп турган.

Ал мурунку мэр Таалайбек Сарыбашов борборго мэр болуп дайындалганда кеңешчи болуп барып, Сарыбашов менен чогуу кызматын тапшырган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG