Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Осло-2021: Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңди


Архив. Апери Медет кызы. 18-сентябрь, 2019-ж.
Архив. Апери Медет кызы. 18-сентябрь, 2019-ж.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңди.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта болгариялык Мария Гергинова Оряшкова менен беттешип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.

Алдыда чейрек финалда орусиялык Марина Суровцева менен күрөшөт.

Күрөштүн бул түрүнөн 62 килограмм салмакта кечээ, 4-октябрда Айсулуу Тыныбекова финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда алтын байге үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эртең, 6-октябрда дагы бир кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта килемге чыгат.

2-октябрда Норвегиянын Осло шаарында башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 кг.) коло байге алса, 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен алтын байге үчүн күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG