Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Жапаров: Заманбап билим – окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү


Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, педагог өлкөнүн тиреги экенин белгилеп, аларсыз туруктуу коомду, демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эмес деди.

“Заманбап билим берүү жөн гана билим топтоо эмес, бул окуучулардын аналитикалык жөндөмдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, өзүнө жоопкерчилик алууга даярдоо экендигине ынандым. Мындай жөндөмдүүлүктүн баарын биздин балдарыбызга мугалимдер үйрөтөт”, - деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.

Жапаров учурда мугалимдерди колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болуп саналат деп кошумчалады.

Кыргызстанда мугалимдер жана кесипкөй билим берүүчүлөрдүн күнү мурда октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кандай даталарга туш келген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, шаардагы мектептерде бир мугалимге орточо жыйырма, айылдарда он беш окуучу туура келери айтылат.

Учурда 82 миңден ашык мектеп мугалими бар. Өлкө боюнча 2296 жалып билим берүү мекемелери бар. Жалпы мугалимдердин 85% ашыгын аялдар түзөт.

ЮНЕСКО 5-октябрды - Мугалимдер күнү деп бекитип, 1994-жылдан бери бул дата Мугалимдер бүткүл дүйнөлүк күнү катары 100дөн ашык өлкөдө майрамдалат. Кыргызстанда бул күн 2014-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG