Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясына кызматка барды


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕАЭК сайтында кабарланды.

Алтынай Өмүрбекова - Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. 2018-жылдан 2020-жылдын апрель айына чейин вице-премьер-министр болуп иштеген.

2020-жылы 1-апрелде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Анын алдында Коопсуздук кеңеши «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. Өмүрбекова иштен кеткенден кийин күч органдарына коронавирустун жайылышы, каржы маселеси боюнча күбө катары сурак берген.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) караштуу ЕАЭКтин кеңсеси Москвада жайгашкан. ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу максатында уюшулган. Акыркы жылдары кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG