Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Медицина боюнча Нобел сыйлыгын америкалык окумуштуулар алды


Швецияда медицина боюнча Нобел сыйлыгын жарыялоо учуру. 4-октябрь, 2021-жыл.
Швецияда медицина боюнча Нобел сыйлыгын жарыялоо учуру. 4-октябрь, 2021-жыл.

Быйылкы медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгы “дене табынын рецепторлору жана теринин сезгичтиги боюнча ачылышы” үчүн америкалык окумуштуулар Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутианга ыйгарылды.

Швециянын Каролин институту 4-октябрда билдирүү жасап, эки окумуштуунун жасаган жаңы ачылышы дене табынын өзгөрүүсүнүн өзгөчөлүгүн жана ага айлана-чөйрөнүн таасир этүүсүн түшүнүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.

“Күндөлүк турмушта бул сезимдерди биз кадимки көрүнүш катары кабыл алабыз. Бирок басым менен дене табын сезүү учурунда нерв импульстары кандайча дүүлүгөрүн бул жылкы Нобел лауреаттары чечишти”, – деп жазылган билдирүүдө.

Сан-Францискодогу Калифорния университетинин профессорлору Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутиан алтын медалга жана сыйлык катары 1,1 миллион долларга ээ болушту.

Бул сый акы сыйлыкты уюштуруучу, 1895-жылы кайтыш болгон швед ойлоп табуучусу Альфред Нобелдин атынан берилет.

Жыл сайын Стокгольмдогу Нобел комитети сыйлыкты медицина тармагы боюнча ыйгаруудан баштайт. Жакында физика, химия, адабият, экономика тармагындагы алдыңкы жетишкендиктер жана ачылыш жасагандар жарыяланат.

XS
SM
MD
LG