Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Саясий жаңжал канцлерди кызматтан кетирди


Себастьян Курц Венадагы парламент жыйынында, 27-май 2019-жыл.
Себастьян Курц Венадагы парламент жыйынында, 27-май 2019-жыл.

Австриянын канцлери Себастьян Курц чуулгандуу видеодон кийин кызматтан кетти. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн парламенти ага жана анын өкмөтүнө ишеним көрсөткөн жок.

32 жаштагы канцлер Себастьян Курцтун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгеси Австрия парламентинин 27-майдагы жыйынында колдоо тапты. Оппозициядагы социал-демократтардын демилгесин жакынкы мезгилге чейин эле Курцтун коалициялык көпчүлүгүнө мүчө болгон ашкере-оңчул "Эркиндик" партиясы да колдоп берди.

Консервативдүү Элдик партиянын башчысы Себастьян Курц Австриянын Дүйнөлүк экинчи согуштан берки тарыхында парламенттеги ишенбестик көрсөтүү боюнча добуш берүүдө утулуп калган алгачкы лидер болуп калды.

Бирок ал парламентте мындай жагдайдын түзүлүшүн алдыдагы шайлоо менен байланыштырды:

"Бир нече күн мурда максат мени канцлердиктен кетирүү болчу. Муну түшүнсө болоор эле. Бирок азыр шайлоого саналуу ай калганда өкмөттү кулаткысы келишет. Муну өлкөдөгү бир да киши түшүнбөй турат".

Австриядагы соңку саясий жаңжалга 2017-жылы Испаниянын Ибица аралында тартылганы айтылган, вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе катышкан видео тасма себеп болду. Штрахе канцлер Курцтун коалициялык өкмөтүнө кирген ашкере-оңчул "Эркиндик" партиясынын төрагасы болчу.

17-майда тараган тасмада Штрахе Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын олигарх Игорь Макаровдун тууганы делген аял менен жолугуп, анда эгер шайлоону каржыласа, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерин бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон. Бирок Макаровдор видеодо сөз болгон аял алардын жакын тууганы эмес экенин билдиришкен.

Кантсе да чуулгандуу видеодон кийин Штрахе кызматтан кетти. Аны улай Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен канцлер Себастьян Курц менен жолугуп, күзүндө кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү сунушун колдоду. Ал Австриянын өкмөтү шайлоо жолу менен гана өзүнө болгон элдин ишенимин кайра калыбына келтире алаарын айткан.

Себастьян Курц менен чуулгандуу видеого катышкан Хайнц-Кристиан Штрахе, 2017-жылдын декабрь айы.
Себастьян Курц менен чуулгандуу видеого катышкан Хайнц-Кристиан Штрахе, 2017-жылдын декабрь айы.

Эми президент Ван дер Беллен сентябрь айында өтөөрү күтүлүп жаткан бул парламенттик шайлоого чейин иштей турган өкмөттү куроо үчүн жаңы канцлерди дайындашы керек.

"Азыр жаңы өкмөт боюнча мунаса табуу үчүн парламенттик топторду бир үстөлгө чакыруу милдети президентке жүктөлүп турат. Парламентте көпчүлүк добушу жок дагы бир өкмөт келип, туруксуз жагдай кайрадан жаралбашы керек", - деп билдирди оппозициядагы социал-демократтардын лидери Памела Ренди-Вагнер.

Элдик партиянын жекшембиде өткөн Европа парламентине шайлоодо ийгилик жаратып, жалпы добуштардын 35 пайызга чукулун алганы да анын лидери Себастьян Курцка жардам берген жок.

Оппозициядагы социал-демократтар дүйнөдөгү эң жаш саясий лидер катары мүнөздөлүп келген Курцту ашкере-оңчул партия менен коалиция түзгөнү үчүн катуу сынга алышкан.

Эми канцлердик кызматтан кетип жаткан Курцтун партиясы сентябрдагы шайлоодо кандай добуш алаары көпчүлүктү кызыктырып турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG