Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Австриянын канцлери кезексиз шайлоо өткөрүүгө чакырды


Себастьян Курц.
Себастьян Курц.

Австриянын концлери Себастьян Курц коррупциялык чуудан улам кезексиз шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Чыр вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе катышкан видео тасмага байланыштуу чыккан. 17-майда тараган тасмада вице-канцлер орусиялык аял менен сүйлөшүп, шайлоону каржыласа, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерди бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон.

Штрахе кызматтан кеткенден көп узабай Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен канцлер Себастьян Курц менен жолугуп, ушул жылдын сентябрь айында кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү сунушун колдогон. Президенттин айтымында, бул шайлоо чуулгандуу видео тасмадан жапа чеккен Австрия өкмөтүнө болгон элдин ишенимин кайтарышы керек.

Австриянын вице-канцлери 18-майда кызматынан чегинип, мыйзамга ылайык өзүнүн актыгын далилдегенге даяр экенин айтты.

XS
SM
MD
LG