Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 18:54

Кара шляпачан "ак карга"


Султан Жумагулов.

Жер жамандап барбасын, бирок Султан Жумагулов устатымдын адам катары кемчилиги көп эле. Эң биринчиси, менменсинүү, текебердик мурдунун учунан байкалып турчу.

"Мен минтип", "бул ишти мен жасап салып", "тигинтип айтып койдум"... Айткан сөзүнөн өзүнүн эң тууралыгын сездирүү байкалчу.

Анан бийлик менен байлыкты дегеле көтөрө алчу эмес. Улам бир жерге редактор же директор болгон сайын башкаларга түгүл, бизге - шакирттерине дагы кадимкидей каадаланып калаар эле.

Акча маселеси, агайды ансайын көптүрөр эле. Өзүнүн деле тээ 90-жылдары "челночный" бизнеске кирип кетип, эки колтугу көтөрүлгөн бойдон түшпөй, далай ирет катардагы дос-туугандарын теңине албай жүргөнүн көп кеп салчу.

Ошол кыялы кийин деле калбады, байкашымча. Акчалуу болгон күнү андан өткөн март жок. Күндүз кечке бизди шашлыкка шыкап, кечинде акын досторун ээрчитип алып кетчү барчу жагына. Үйүнөн да, ишинен да дайыны жок күндөрү деле болду, албетте.

Түгөнгөндө, "ооруп калбадымбы, ой бала, жанагы Ак үй, көк үйдөгү чоң эле адамдар, көрсө, аракечтиктен дарыланат экен да угушумча. Алар деле жакшы адамдар экен, аларда деле мекенчилдик сезим болот экен. Бар, ошолор тууралуу материал жазчы" деп, диктофонду колума карматып узатып жиберер эле. Эр болсоң ошол мекенчил чоң кишилерди таап көр.

Агайыбыздын талантын эл, окурмандар жакшы эле баалады. Ар бир материалын артынан түшүп окугандар болду. Султан Жумагулов деген ысым 90-жылдардан бери эле таанымал болчу. Анын бактысына президенттер дагы бул кишини жактырчу. Кошоматчы эмес ишмерди өздөрүнө тарткан сейрек көрүнүш.

Мамлекет башчылар аны "моңгол чуусуна" карабастан, спичрайтер, кеңешчи, министрликке чейин көтөрүп койду. Шефтерине чаң жугузчу эмес агайым. Аябай ишенип, үмүттөнүп алчу, баёолугу бар эле.

Бирок, ошол эле учурда чындыкты көзгө сайып, ички чогулуштарда кошоматчылыктан алыс турчу. Далай оппозиционерлерди жактап, "ой, сиз баардыгынын президентисиз, кара тизме деген балээни унуткула, башкача иштейли" деп жүрүп, командадан бөлүнүп калмайы дагы бар эле.

"Кара шляпачан ак карга" деп коюшчу аны айрымдар.

Анан аябай майдаланып кетчү, кээде. Ар бир сүйлөмгө, сөзгө, жестке, үтүр-чекитке чейин түшүп кетчү. Өтө эле кыйкымчыл редактор эле. Өзү олтура калып тексттерди кайра баштан жазып чыккан учурлары, "ме" деп үтүрөйгөн бойдон компьютерди таштап басып кеткенин далай көрдүк.

Кээде болбогон бир нерсени такыр унутпайт, кээде башындагы калпагын да унутуп баса берээр эле. Өзүн англичандай алып жүргүсү келчү. Дал ошол максатта кара шляпасын, чатыраш костюмун, боз туфлийин тээ Лондондун модалуу дүкөндөрүнөн алдырып кийген.

Жумушка таңкы алтыда келип алып, тогузга чейин бизди телефон аркылуу, тогуздан кийин студиядан, ал эми түшкү бирден кийин компьютердин мониторунан эзчү. "Ушул агай эртерээк үйүнө барса, биз бир аз өзүбүзчө, жайбаракат бир олтуруп алсак" дечүбүз. Оюбузду окугансып, кээде эртерээк, эрте болгондо кечки жетилерде кетип калчу. "Бай-бай! Фриэндс!" деп, бритиш инглиш акцентин туурап, чыгып кетчү.

Өзбек кызматындагы Токо (Толкунбек Турдубаев) деген кесиптеш досу муңканып ырдай баштаганда бир-эки минуттан кийин кайра кайтып келер эле. Унутуп калган кара шляпасын алмакка. "Хеллоу, гайс!".

Ошондо да Токосуна бир тийишип коймой адаты бар эле. "Эй Токо! Ырдаганың жакшы. Бу өзбек туугандардын поэзиясы мага жагат. Сүйүү деген өчпөс тема да. Бирок, ошону өтө эле созолонтуп, муңкантып жатып адамды кыйнап жибересиңер. Балдардын жүрөгүн сыкпай тээ тиякка барып алып ырдачы, бай болгур!"

Анан Токосунун жарым сааттык жообу да белен. "Сен атбашинский ырдан, музыканын несин түшүнмөк элең, ыя! Кетчи нары, азыр сүзүп сала элегимде!".

Кечке чейинки ачуубуздун баары күбүлүп түшүп, агайыбызга, анын англис юморлоруна ошондо барып бир ыраазы болчубуз. Дагы бир такыр жакпаган терс сапаты - чыдамсыздыгы болчу.

Аптасына бир-эки жолу футбол ойноор элек. Биздин команданын капитаны болчу. Таң калганым, өзүнөн он-жыйырма жаш кичүүлөр менен тең чуркап ойночу. Топко чебер эле. Бирок, командасы начар ойноп, утулуп бараткан күндөрү оюн акырына чыга электе эле топту асманга карай бир тээп "өзүңөр эле ойногулачы" деп басып кетмейи бар болчу. Биз болсо көнүп калганбыз. "Агай бүгүн сол буту менен туруп калган тура" деп коюп, оюнду капитансыз деле уланта берчүбүз.

Мындан туура үч жыл мурда, 2018-жылдын 8-октябрында устатыбызды ажалга алдырып ийдик. Ошондон бери агайдын "Асаба", Би-Би-Си, "Азаттык", ЭлТР, КТРКда чогуу иштешип калган ондогон шакирттери капитансыз жашап келе жатабыз.

Өмүр деле футбол талаасындай болсо, баарыбыз бир минутка болсо да токтой туруп: "Агай, биз сизди сагындык. Баардык асыл сапаттарыңызды, курч калемиңизди, куйкум сөздөрүңүздү, кеменгер көздөрүңүздү, калыстыгыңызды, эмгекчилдигиңизди - баарын, баардык кемчиликтериңиз менен чогуу сагындык!", - деп кыйкырмак элек.

А сиз болсо, бул дүйнөгө унутуп кеткен кара шляпаңызды шылтоо кылып, он секундга болсо да "хеллоу, гайс!" деп кол булгалап койсоңуз кандай сонун болоор эле, агайым...

Султан Жумагулов менен Ибраим Нуракун уулу
Султан Жумагулов менен Ибраим Нуракун уулу

"Мистер Ибраим, ар бир адамдын кемчилигин чукубай, жакшы тарабын издеп, өзүңөн артык жагын көрүүгө аракет кыл. Мүчүлүштүгүнө такыр көңүл бурба, артыкчылыгын гана үйрөнүп жаша", - деп өзүңүз насаат кылчу элеңиз. Бирок, агайым, бүгүн сиздин кемчиликтериңизди да сагынып турам.

Жаткан жериңиз жайлуу болсун, тынч уктаңыз, эки доордун устат-журналисти Султан Жумагулов...

Ибраим Нуракун уулу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG