Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөр 200гө жакындады


Бир мандаттуу шайлоо округдарынын картасы. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Бир мандаттуу шайлоо округдарынын картасы. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 11-октябрга карата 194 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышууну көздөгөндөр арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ушул күндөрү партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин тактап жатышат.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG