Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Кыргызстан “Мегаком” иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто утту


MegaCom уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке кирген. 
MegaCom уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке кирген. 

Кыргыз өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору кабарлагандай, Кыргызстан 8-октябрда Penwell Business Limited компаниясынын Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык сотко берген доосунда утуп чыкты.

Доогер талап кылган 298 миллион доллар өлчөмүндөгү кенемтени сот толугу менен канааттандырган жок.

Буга кошумча, арбитраждык соттук кеңеш доогер Кыргызстанга инвестиция алып барууда жергиликтүү өнөктөштөрүнүн жардамы менен бир нече ирет коррупциялык иш-аракеттерге барганын аныктады.

Penwell Business Limited компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө “БиМоКом” (MegaCom) компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган.

Өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борбору Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык тарыхында эл аралык арбитраждык сот чет элдик инвестордун талабын толук четке каккан алгачкы учур болгонун билдирди.

Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык деңгээлдеги соттук ишине Willkie Farr & Gallagher LLP юридикалык фирмасы тартылган.

MegaCom иши боюнча 2017-жылы Кыргызстанда бир катар саясатчылар, анын ичинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ж.б. камалып, коррупциялык иштерге айыпталган, кийин айрымдары толук акталып чыккан.

MegaCom уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке кирген.

2012-жылы 30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги Коррупцияга каршы күрөш кызматы компанияда текшерүү жүргүзүп, кирешелерди чыгарып кеткен, менчиктеп алган жана акча каражатын ысырап пайдаланган учурлар аныкталганын, жалпы 142 млн. сомдон ашык зыян келтирилгенин кабарлаган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин коммерциялык уюмдун кызматкеринин укуктарын ашыкча пайдалануу, ишенип берилген мүлктү кыянаттык менен колдонуу, жасалма документ, көз боемочулук беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG