Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Султанбеков: мурдагы президент Атамбаев парламенттик шайлоого катышпайт


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого талапкер катары катышпоону чечти. Ал "Социал-демократтар" партиясынын бара турган талапкерлерди сүрөп турат. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Темирлан Султанбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып, Атамбаев менен бул маселе боюнча бир нече ирет кеңешип чыкканын белгилеген.

Анын айтымында, партияны мурдагы президенттин уулу, Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциянын лидери Кадырбек Атамбаев баштап барат.

"Социал-демократтар" талапкерлердин толук тизмесин түзө элек. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, СДПнын курултайы 13-октябрда өтөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин 27-сентябрдагы сот отурумунда билдирген. Кийин адвокат Замир Жоошев бир нече кылмыш ишине айыпталып, абакта жаткан Алмазбек Атамбаевди бийлик парламенттик шайлоого катыштырбоону көздөп жатканын айткан. Ал Башкы прокуратуранын Атамбаевге карата Жогорку соттун былтыр 30-ноябрда чыгарган токтомун жокко чыгарып, мурдагы чечимди күчүндө калтыруу өтүнүчү далил боло аларын белгилеген.

Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү былтыр 30-ноябрда Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, артка кайтарылган. Анда Батукаевдин иши боюнча сотто ага акыркы сөз берилбей соттолгону аныкталып, анын укугу бузулганы үчүн кайрадан кароого жиберилген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG