Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Ош-Папан жолундагы көпүрө кулады

Окуя болгон жер. Сүрөт Интернеттен алынды.
Окуя болгон жер. Сүрөт Интернеттен алынды.

Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган негизги автожолдогу көпүрө кулады. Көпүрө 11-октябрь күнү көмүр ташыган автоунаа өтүп бара жатканда кулаганын "Азаттыкка" айыл өкмөт башчы Нурзаман Алимбеков тастыктады.

Алимбеков жүргүнчүлөр Ноокат, Кара-Сөгөт айылдары аркылуу айланып каттап жатканын кошумчалады.

Бул көпүрө Папан айыл өкмөтүнө караштуу аймакка кире бериште, Ош - Папан жолун бириктирген негизги чоң жолдо жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, оор жүк ташыган машина көпүрө менен кошо түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги эки адам секирип чыгып, аман калышты. (DU)

​
XS
SM
MD
LG