Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

"Улуттар биримдиги" партиясынын талапкерлер тизмеси белгилүү болду


Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.

"Улуттар биримдиги" партиясынын 11-октябрда Бишкекте өткөн курултайы жыйынтыкталды. Анда парламенттик шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмеси такталып, бекитилди. Тизмени аталган партиянын лидери Мелис Мырзакматов баштап барат. Бул тууралуу "Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясынын" лидери Артур Медетбеков "Азаттыкка" билдирди.

Тизменин алдыңкы сабында Артур Медетбеков, Нарындын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков, "Ар-Намыс" партиясынан юрист Андрей Иванов, "Көзөмөл" кыймылынын жетекчиси Айбек Турганбаев, "Мекен сакчысы" кыймылынын башчысы Саитжан Эратов, журналист Турат Акимов, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов бар.

Буга чейин айрым партиялар менен кыймылдар "Намыс жана Тартип" коалициясын түзүп, парламенттик шайлоого бирге бармай болгон. Коалицияга "Ар-Намыс", "Улуттар" биримдиги", "Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы" жана "Мекендештер", "Элдик көзөмөл", "Көзөмөл", "Мекен сакчысы" кыймылдары кирген. "Ар-Намыстын" лидери Феликс Кулов шайлоого барчу талапкерлердин тизмесине кирген эмес. Ал коалицияны жетектей турганын "Азаттыкка" билдирди.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек. Ушул күндөрү бир катар партиялар съездин өткөрүп, парламенттик шайлоого тизмесин бекитүүдө.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 200гө жакындады.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, анын арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG