Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Москва: мекендештер ок жеген жигитке жардам чогултууда


Москва.
Москва.

Москвада жергиликтүү тургун аткан октон 34 жаштагы кыргызстандык айдоочу жараат алды.

3-декабрда болгон окуяда жабыркаган айдоочу учурда ооруканада жатат. Ага ок аткан шектүүнү полиция кармап, териштирүү иштери жүрүүдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маселени өз көзөмөлүнө алганын кабарлады.

Мындан бир ай мурда да Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргыз жаранынын полиция тарабынан сабалганына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырган.

Социалдык тармакта 3-декабрда тараган видеодон Москванын Большая Грузинская көчөсүндө токтоп турган таксиге арттагы машиненин айдоочусу басып келип, экөө айтыша кеткенин көрүүгө болот. Андан кийин "Жиптин" ээси таксинин айдоочусуна ок аткан.

Окуядан көп өтпөй Москва шаарынын полициясы 43 жаштагы Д.М. аттуу шектүүнү кармаган.

Териштирүү учурунда такси кызматынын жабыркаган айдоочусу 1988-жылы туулган кыргыз жараны экени аныкталган. Азыр 34 жаштагы Арген (аты өзгөртүлдү) Москвадагы ооруканада дарыланып жатканын анын жакындары билдирди.

Колуна жана бутуна ок тийген жигит Москвага 10 жыл мурда барып отурукташып калган. Жигиттин атын ачыкка чыгарууну каалабаган жакыны буларды айтты.

"Окуядан кийин полиция кармап кеткен шектүү же анын жакындары байланышка чыгып, биз менен сүйлөшүүгө, кечирим суроого аракет кылган жок. Жакшы болуп кетишин тилеп турабыз, бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Ата-энебизге бул тууралуу айткан жокпуз. Кары адамдар санаага батпасын деп унчукпай отурабыз".

Учурда Москвадагы кыргыз мигранттарынын коому жана айдоочулар Аргендин дарыланышы үчүн каражат чогултуп жатат. Алардын арасында кыргызстандык Бакыт Исаев да бар. Ал 12 жылдан бери Орусияда айдоочу болуп иштейт.

"Москвада кыргызстандык мигранттардын көбү тейлөө тармагында иштейт. Жараат алган бала таксисттердин WhatsApp тайпасында бар экен. Окуяны угарыбыз менен жардам берүүнү чечтик. Азыр кыргызстандык башка мигранттардын дагы WhatsApp тайпасына маалымат таратып, акча топтоп атабыз. Ооруканага барган балдар Арген канды көп жоготконун айтып келишти. Ок жеген оңой эмес да. Адатта ушул сыяктуу окуялар катталганда, элчиликтин же кыргыз өкмөтүнүн жардамын күтпөй эле мигранттар жардам берет. Ушул окуяда деле элчилик окуя териштирилип жатканын гана айтып тим болду. Бирок негизги маселе айтылбай калды. Мигранттарга болгон кысым, тартип сакчыларынын орой мамилеси, жумушта укуктарынын бузулушу дегендей маселелер каралбай жатканы бизди өкүндүрөт", - деди Бакыт Исаев.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуяга байланыштуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы Тверь району боюнча тергөө бөлүмү текшерүү иштерин жүргүзүп, шектүү кармалганы тууралуу расмий маалымат таратты.

Юрист Мирбек Токтошев Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп келет. Ал көпчүлүк мигранттардын орус тилин жакшы билбегени ишти акыйкат териштирүүгө жолтоо болорун белгиледи. Токтошев Аргендин абалы турукташкандан кийин ага юридикалык көмөк көрсөтүүнү караштырып жатат.

Мирбек Токтошев, юрист
Мирбек Токтошев, юрист

"Эки жыл мурда да биздин такси айдаган мекендешибизге ок атылып, ага юридикалык колдоо көрсөткөн элек. Былтыр кыргыз жаранына кол салуу болуп, бычак жүрөгүнө жакын, талуу жерине тийген. Бирок жабыркаган адам орус тилинде оюн толук түшүндүрө албай койгондуктан полиция “ден соолукка оор жараат келтирүү” деген берене менен иш козгогон. Юристтер бул беренени “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренесине өзгөртүү сунушун тергөө комитетине киргизип жатабыз".

Анткен менен Орусияда жүргөн мигранттар арасында өздөрү да тартип бузуп, полициянын кылтагына илинген учурлар арбын кездешет.

2-декабрда Москванын борборундагы Машков көчөсүндө Кыргызстандан жана Өзбекстандан келген мигранттар мушташканы тууралуу кабар тарады.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, полиция жалпы 11 адамды кармаган. Алардын жетөө кыргызстандык, төртөө өзбекстандык болуп чыкты. Окуя боюнча "майда ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Москвада ага чейин да мигранттардын ич ара кагылышуулары көп катталган. Алардын эң ириси - июль айында Кузьминкиде болгон. Анда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда кыргызстандык мигранттардын саны 700 миңден ашуун, бейрасмий эсепте бир миллиондон көп экени айтылып келет.

Орусиянын расмий адамдары маал-маалы менен мигранттардын санын азайтуу керектигин каңкуулап келет.

Ноябрдын башында Москванын мэри Сергей Собянин курулуш компанияларын жумушка "мигранттарды эмес, жергиликтүү тургундарды" көбүрөөк тартууга чакырган. Собянин райондук коммуналдык чарбаларда да мигранттардын санын кыскартуу керектигин билдирген.

Ага чейин орус өкмөтү 2022-2025-жылдар аралыгында жумушчу күчүнүн негизги донор - өлкөлөрү болгон Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда миграцияга даярдоо боюнча борборлорду ачууну пландап жатканы белгилүү болгон.

Орусиянын экономика министринин орун басары Дмитрий Вольвач өлкө 2030-жылга чейин мыйзамдуу иштеген чет элдиктердин санын 3,5 миллионго чейин жеткирүүнү пландап жатканын айткан.

Расмий маалыматта 2020-жылы сырттагы мигранттар Кыргызстанга 2,3 млрд. доллар которгону айтылган. Анын 90% ашыгы Орусияда жүргөн журтташтарга туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG