Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Москва мэринин мигранттарды жериген саясаты


Кыргызстандык эмгек мигранттары Москвадагы ковид-ооруканасын куруп жаткан учуру.
Кыргызстандык эмгек мигранттары Москвадагы ковид-ооруканасын куруп жаткан учуру.

Орусияда курулушта жумушчу күчү таңкыс. Бирок Москванын мэриясы бул көйгөйдү курулушта иштеген мигранттарды азайтып, чет элдик жумушчу күчүнөн толук баш тартуу менен чече турган болду.

Мэр Сергей Собянин турак-жай курууда мигранттардын жумушун автоматташтыруу менен алмаштырып, жергиликтүүлөр үчүн маянаны бир топ жогору көтөрүүнү тапшырды. Курулуш компаниялары анын демилгеси ишке ашпай турганын айтышууда.

Кургуйга кабылган курулуш тармагы

Быйыл ноябрдын башында Москванын өкмөтү курулушту көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарга Орусиянын баш калаасындагы чет элдик жумушчу күчүнөн баш тартуу планын иштеп чыгууну тапшырды. Буга Москвада жумушчулардын жетишсиздиги негиз болгон. Пандемияга чейин 120 миң мигрант-курулушчу иштесе, анын 40 миңдейи гана калган. Анын көбү Борбор Азиядан барган жумушчулар. Мэриянын маалыматы боюнча таңкыстык азыр 40% түзөт. Бийлик курулуштагы чет элдик жумушчу күчүнөн баш тартуу планын бекитүүгө даярданып жатканын вице-мэр Андрей Бочкарев 1-ноябрда жарыялаган. Москва мэриясынын маалымат кызматы вице-мэрдин айткандары тууралуу буларды билдирди.

"Жумушчулар менен катар эле курулуш инженерлери да жетишпейт. Анткени Москвада эч качан азыркыдай массалык курулуш жүргөн эмес. Абалдан чыгуу жолун вице-мэр Москвада курулушка тартылган чет элдик жумушчу күчүнөн баш тартуудан көрөт. Ал муну автоматташтыруу аркылуу жумушчулар үч эсе аз талап кылынган курулушту уюштуруу зарыл. Андрей Бочкарев дубал шыбагына 4 кишинин ордуна бир станцияны иштетүүнү мисал келтирди", - деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Буга чейин сентябрь айында Москванын башка вице-мэри Владимир Ефимов шаардын турак-жай курулушунда 200 миңден ашуун чет элдик жумушчу күчү жетишпей турганын айткан.

Собяниндин мигранттарды жактырбаган соболу жана демилгеси

Ал эми мэр Сергей Собянин 17-ноябрда Москванын чок ортосундагы турак-жай курулушун кароо учурунда жумушчу күчүнө таңкыстыкты чет элдик мигранттарды кыскартуу, маянаны көтөрүү жана технологиялык жаңылануу аркылуу чечүү демилгесин жарыялады:

Москванын мэри Сергей Собянин жаңы турак-жай комлексин ишке берүү аземинде курулушта иштеген мигранттар кыскартыларын билдирди.
Москванын мэри Сергей Собянин жаңы турак-жай комлексин ишке берүү аземинде курулушта иштеген мигранттар кыскартыларын билдирди.

"Башка сапаттык деңгээлдеги кишилер керек. Башкача маяна ала турган. Мигранттар аз болсун. Азыркы күндө силерде алардын саны аябай эле көп. Айлыкты көтөрүп, жакынкы аймактардан көбүрөөк орусиялыктарды тарткыла. Эмгек шарттарын түзгүлө. Мигранттар алгандай эмес, москвалыктар ала турган маяналар болсун. Ошентип, курулушту механикалаштыруу жана автоматташтыруу менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн күчөтүү зарыл", - деди Москванын мэри Сергей Собянин.

Турак-жайды курган жетекчи мэрдин тиешелүү суроосуна объектиде иштеген мигранттар былтыркыга салыштырмалуу 15% кыскарганын жана жогорку квалификациялуу жумушчулар 120-150 миң рубль акы аларын айтты. Собянин болсо "бул мигранттардын эмес, москвалыктардын маянасы" экенин белгиледи.

"Курулуштагы кара жумушка жергиликтүүлөр келип, иштебейт"

Москвадагы башка курулуш компаниялардын өкүлдөрү мэр Собяниндин айтканы теориялык жактан жагымдуу угулганы менен иш жүзүнө ашпай турган куру кыял катары сыпатташты.

"Эгерде бул орундар бош болбосо, анда бул жакка эмгек мигранттары келмек эмес. Тилекке каршы, азыр биздин өлкөдө жетиштүү санда жана талапка жооп бере турган жергиликтүү жумушчу-персонал жок. Пандемиядан бери курулушта жумушчу күчүнө чоң таңкыстык пайда болду. Жумуш издегендердин Шереметьеводон бери созулган узун кезеги азыр жок. Ири көлөмдөгү капиталдык курулушта кайсы бир ишти механикалаштыруу мигранттардын эмгек ресурсуна караганда аябай кымбат. Анан калса курулуштагы татаал иштерди, мисалы ички жасалганы автоматташтыра турган жабдуулар азырынча чыга элек", - деген пикирин Москвадагы курулуш компанияларынын биринин башчысы Руслан Кубрава РБК телеканалына курган маегинде айтты.

Ал эми Москвадагы ипотека жана кыймылсыз мүлк академиясынын президенти Ирина Радченко курулушта кара жумушту автоматташтыруу оңой эместигин, чоң айлык чегерүү өзүн актабай турганын, мигранттар алып жаткан 30-40 миң рублга жергиликтүүлөр иштебей турганын "Радиоточкага" курган маегинде белгиледи.

Ал турак-жай чарбасы менен курулушта 90% кыргыздар оор шартта эмгектенерин, алардын ордуна Орусиянын аймактарынан келип эч ким иштей албасын мисал келтирди.

"Российская газета" басылмасы август айында бүткүл Орусия боюнча курулушка 3 млн. жумушчу жетишпей жатканын жазган.

Ал эми "Известия" гезити курулуш компанияларынын ортосунда жумушчу күчү үчүн атаандаштык абдан жогору экенин жазса, федералдык өкмөт курулуш объекттерине камактагыларды иштетүүнү сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG