Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Москвада мушташкан мигранттарга иш козголду


Москва.
Москва.

Москванын борборундагы Машков көчөсүндө Кыргызстандан жана Өзбекстандан келген мигранттар мушташкан. Алардын баары көчө тазалап иштегендер. ТАСС агенттиги маалымдагандай, полиция жалпы 11 адамды кармады. Алардын жетөө кыргызстандык, төртөө өзбекстандык болуп чыкты. Окуя боюнча "майда ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Агенттиктин маалымдашынча, Кыргызстандан барган мигранттар жердеги карды күрөп бүтүп калган учурда өзбекстандык мигранттар имараттын чатырындагы карды ылдый түшүрүп жиберишкен. Бул чатактын ырбашына себеп болгон. Прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя боюнча маалымат бере элек.

Расмий маалыматта Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 750 миңге чамалуу экени көрсөтүлгөн. Такталбаган маалыматтар боюнча алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG