Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

БШК: Кол санактын жыйынтыгы бир гана участоктон алына элек


Добуш кагаздарын кол менен саноо учуру. Ош. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Добуш кагаздарын кол менен саноо учуру. Ош. 28-ноябрь, 2021-жыл.

4-декабрда саат 16:00га карай БШКга 2493 шайлоо участогунун саналып бүткөн добуштардын жыйынтыгы серверге киргизилди. Болгону бир гана участок калды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 99.96% кол менен саналды.

Азырынча партиялык шайлоо системасы менен “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 17.31% , “Ишеним” 13.63%, “Ынтымак” 10.98% , “Альянс” 8.33% , “Бүтүн Кыргызстан” 7.03% , “Ыйман Нуру” 6.14% добушка ээ болду.

Мыйзам боюнча добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өттү. Аралаш системада өткөн шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасында мүчүлүштүк кетип, башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп атап, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG