Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Музыкант мамлекетке таарынды


Нурбек Серкебаев. (Сүрөт музыканттын Фейсбуктагы баракчасынан алынды).

Музыкант Нурбек Серкебаев үйү жок маданият кызматкерлерине көңүл бурууну өтүнүп, мамлекет башчыга кайрылды. Музыканттын социалдык тармактагы видео кайрылуусунан кийин коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды.

Нурбек Серкебаев этно-фольклор жанрындагы чыгармаларды аткарган музыкант. Ал жакында түз эфирде маданият кызматкерлерине көңүл бурулбай жатканына капачылык билдирген. Мындай мамиле улана берсе, коңшу Казакстанга кетип, алардан 5 миң ооз комузчу тарбиялап, бул аспапты Гиннестин рекорддор китебине коңшу өлкөнүн атынан каттата турганын айткан.

Нурбек Серкебаевдин жергиликтүү телеканалдардын бириндеги бул сөзү интернет айдыңында талкуу жараткан. Айрымдары элдик аспапта ойногондорго мамлекеттин камкордугу болушу керектигин белгилесе, айрымдары музыкантты "чыккынчы" деп атаганга чейин барды.

Көп өтпөй музыкант Фейсбуктагы баракчасына президентке видеокайрылуу жолдогон. Серкебаев анда буга чейин Улуттук филармонияда жарым ставка менен 4,5 миң сом айлык алып иштегенин, ушул эле убакта ар кыл ийримдер менен алек болуп, кечкисин такси айдап жан бакканын кошумчалаган.

Коңшу Казакстанда өнөр адамдары мамлекеттин камкордугуна алынганын, жашоо-шарты жакшы экенин белгилеген.

Музыкант кайрылуусунда бийлик тараптан кандайдыр бир реакция болорун күтөрүн айткан. Андан кийин Маданият министрлигинин алдына улуттук кийим кийип, аспаптарын алып чыгып башкача бир кадамга барарын белгилеген.

Нурбек Серкебаев бул билдирүүсүнө бийлик тараптан эч кандай жооп боло электигине токтолду.

“Азыр шайлоо, саясат башкы маселе болуп, менин кайрылуум өз дарегине жете элек окшойт. Мен өз көйгөйүмдү эле айткан жокмун. Канчалаган өнөр адамдарынын үйү жок. Жатаканаларда жашап жүргөн Эл артисттери бар. Аларды көрүп, биз да ушинтип карыганча үйгө жетпей өтүп кетебизби деп ойлоп кетем. Үй алуу үчүн өнөрдү таштап, башка жумушка киришибиз керек. Алтын казган ишканага жумушчу болуп же Орусияга миграцияга кетишибиз керек. Ушундай мамиле улана берсе, өнөргө маани берилбесе, маданият алсырайт да”.

Нурбек Серкебаев 250дөн ашуун санат ырларды, байыркы күүлөрдү жатка билип, 13 түрлүү элдик музыкалык аспаптарда ойнойт.

Белгилүү манасчы, дастанчы Самат Көчөрбаев Серкебаевдин президентке кайрылуусу көптөгөн таланттардын коңгуроосу экенин белгиледи.

"Улуттук аспапта ойногон канчалаган таланттар бар. Бирок аларды эч ким тааныбай, көз жадымда калып келгени чындык. Ошол эле Нурбек ондон ашык аспапта ойнойт. Мындай таланттарды кастарлап алышыбыз керек. Мисалы, коңшу Казакстан сейрек таланттарды төбөсүнө көтөрөт. Нурбектин кайрылуусу кандайдыр бир деңгээлде жетекчилердин намысын ойготуп, көңүлүн бурдуруу максатында айтылса керек деп ойлойм".

Коомчулукта кыргыз маданиятынын айрым өкүлдөрү, анын ичинде эстрада ырчылары каражат булагын тойдон табары айтылып келет.

Кыл кыякчы Залина Касымова элдик аспап менен алектенген өнөр адамдарынын айрымдары айлыктан тышкары кошумча каражат табуу үчүн эстрадалык чыгармаларды жаздырууга аргасыз болуп жатканын айтты.

“Төрт-беш жерде иштейбиз. Себеби айлык аз. Эстрадалык ырларды жаздырып алып, тойго барганга туура келет. Элдик аспаптар менен алектенген адамдардын иштеген жериндеги айлыгын көтөрүп коюшса деле чоң колдоо болмок. Айлык жетиштүү болуп турса, ипотекага үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк".

Касымова өнөр адамдарына жеңилдетилген насыя менен үй берилген күндө деле жаштарга оңой менен тийбей турганын кошумчалады.

Өкмөт ушул жылдын 1-июлунан баштап мамлекетке караштуу маданий мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүнү убада кылган. Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Толкун Камчыбекова “Азаттыкка” буларды айткан.

“2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Документке ылайык, “улуттук” статусуна же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20% көтөрүлдү. Мурда өкмөттүн чечими менен “улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80% көтөрүлгөн. Башка мекемелердеги, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% көтөрүү каралган”.

Маданият министринин орун басары Салтанат Аманованын айтымында, өнөр адамдарына жеңилдетилген өлчөмдөгү үй маселеси Министрлер кабинетинин кадамы менен гана чечилет жана жалпы үй маселесин чечүү саясаты бир маселе катары приоритетке коюлган.

“Өкмөттүн негизги багыты - социалдык жактан мамлекеттик кызматкерлерди коргоо. Ушунун алкагында Мамлекеттик ипотека компаниясы тарабынан 4-6 пайызга чейин төмөндөтүлгөн баада үйлөрдү берүү боюнча иш жүрүп жатат. Башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле маданият адамдары да мындай үйдү алса болот. Бул боюнча бардык документтер бар. Экинчи маселе, акысыз үйлөрдү берүү боюнча да биз өкмөткө сунуштарды бергенбиз, келе жаткан жылы каралса керек. Ошону менен катар туура эмес түрдө жеке менчикке өтүп кеткен имараттарды да сот аркылуу министрликтин карамагына алуу иштери жүрүп жатат”.

Аманова министрликке караштуу учурдагы абалы оор жатаканаларды да оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаш кызматкерлерге акысыз берүү маселеси дагы келе жаткан жылы колго алынарын убада кылды.

Ал эми "Ордо Сахна" тобунун негиздөөчүсү, салттуу музыка тармагынын өкүлү Нурлан Нышанов азыркы убакта өнөр адамдары мамлекетке таянбай, өз жанын өзү багышы керек деген пикирде.

"Мисалы мен өкмөттөн бир канча жылдан бери бир тыйын албайм, тескерисинче, бюджетке салык төлөйм. Ошол эле учурда өнөрүмдү өркүндөтүп жатам. Бир топ жылдан бери өкмөттүк эмес, эл аралык демөөрчүлөр менен бир канча долбоорлорду жазып, бир нече иштерди жасадык. Кыргыздын салттуу музыкасын өнүктүрүүдө салымым бар деп эсептейм. Бүгүнкү күндө союздан калган “мен муну кылып жатам, мамлекет кам көрсүн” деген маселе бар. Азыр капитализм заманы да. Колуңдан келсе, өнөрүң менен жан бак, эгер ага да шарт болбой жатка башка иштерди жасоо керек”.

Кыргызстанда учурда 20 миңге чукул маданият кызматкери иштейт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган эки жогорку окуу жайы, сегиз орто билим берүүчү окуу жайы бар.

Учурда өлкөдө аз маяна алган кызматкерлердин жоон тобун маданият тармагында эмгектенгендер түзөт.

Алардын айрымдары мамлекеттик маданий жайдагы эмгек акысы 5 миң сомдун тегерегинде экенин айтып келет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG