Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Путин Садыр Жапаровду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 3-декабрда телефон аркылуу сүйлөштү. Анда тараптар кыргыз-орус мамилесинин актуалдуу маселелерин жана түрдүү багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Орусияга шайлоого байкоочу катары активдүү катышканы, өз аймагында кыргызстандыктардын добуш берүүсүн уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Коронавируска каршы күрөштө көрсөткөн колдоосу, анын ичинде "Спутник-лайт" вакцинасы үчүн Путинге рахмат айтты.

Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровду парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстанга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү каалады.

Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктады.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өттү. Аралаш системада өткөн шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасында мүчүлүштүк кеткен. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп атап, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG