Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Бишкекте Digital Ишкер-2021 форуму өтүп жатат


"Сонун" кайра иштетүүчү ишканасында. Бишкек. 2021-жыл. Иллюстрация.
"Сонун" кайра иштетүүчү ишканасында. Бишкек. 2021-жыл. Иллюстрация.

Digital Ишкер-2021 деп аталган ишкердик форумга Кыргызстандын аймактарынан тандалып алынган 300 ишкер катышууда. Форум аймактардагы ишкерлерге жана жаңыдан бизнес баштап жаткандардын арасында санариптик ишкердикти жайылтууга багытталган.

Иш-чара бизнести башкарууга, өнүмдөрдү жергиликтүү базардан тышкары, сыртка экспорттоону өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү заманбап чечүүнүн жолдорун үйрөтөт.

Баяндамачылар жана эксперттер өнүмдөрдү онлайн сатуудагы креативдүү чечимдерди сунуштайт, жергиликтүү ишкерлерди колдоо зарылчылыгын түшүндүрүп берет.

Уюштуруучулардын белгилөөсүнө ылайык, иш-чара быйыл «Баштан Башта» кыймылы тарабынан ишке ашырылган «Айылдык Табышкер» долбоорунун логикалык корутундусу болмокчу.

Форумду “Баштан Башта” жарандык кыймылы “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен уюштурууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG